Редакцияот 25.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VIII сессиясы (сегизинчи чакырылыш)

 

2025-жылдын 25-сентябры  № 4

Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Колот айылындагы №136 С. Карыбеков атындагы жалпы билим берүү негизги мектеби мекемесине класс ачуу жөнүндө

Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Колот айылындагы № 136 С. Карыбеков атындагы жалпы билим берүү негизги мектеби  мекемеси Сары-Колот айылындагы №95 К.Жантошев орто мектебинен 4  чакырым  алыстыкта жайгашкандыгына  байланыштуу, жашаган тургундардын, мектеп директорунун жана  Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 25-сентябрындагы  кайрылуусунун негизинде кошумча класстарды ачуу максатында  Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Ак-Колот айылындагы №136 С.Карыбеков орто мектебине төмөндөгү класстарды 2025-2026-окуу жылында

- 1-кл-11 окуучу

- 2-кл-14 окуучу

- 2-кл-14 окуучу

- 3-кл-17 окуучу

4-кл- 17 окуучуга ачууга макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин билим берүү, медицина, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн .(А.Токтоназарова)

 

Төрага:

Д. Атанов