Редакцияот 25.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VIII сессиясы (сегизинчи чакырылыш)

 

2025-жылдын 25-сентябры  № 5

Айтикулова Назирага 40,0 (кырк миң) сом материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө

Отуз-Адыр айылынын тургуну Айтикулова Назиранын небереси тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн тез арада операция жасатууга акчалай жардам сурап арыз жазган. Жаранды материалдык жактан колдоо үчүн арызды карап чыгып, талкуулап  Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айтикулова Назирага 40,0 (кырк миң) сом  материалдык жардам көрсөтүүгө макулдук берилсин.

3.  Акча каражатын бɵлүп берүү жагы Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башкы эсепчиси Г.Атамбиевага милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

Д. Атанов