Редакцияот 25.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VIII сессиясы (сегизинчи чакырылыш)

 

2025-жылдын 25-сентябры  № 8

Отуз-Адыр айыл аймагынынын Шерали айылындагы “Келечек шамы” бала бакчасына кошумча тайпа ачуу жѳнүндѳ

Шерали айылында бала-бакчага жашына жеткен балдардын саны кобойгондүктөн, ата-энелердин кошумча тайпа ачуу үчүн суроо талабы өскөндүктөн Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетинин №257 токтомуна ылайык, бир тайпадагы максималдуу балдардын саны чектелгендигине байланыштуу. Кошумча тайпа ачуу зарылдыгы келип чыккан. Жогорудагы маалыматтарды эске алып Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2025-2026-жж окуу жылына карата “Келечек шамы” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча тайпа ачууга макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кенешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

Д. Атанов