Редакцияот 25.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VIII сессиясы (сегизинчи чакырылыш)

 

2025-жылдын 25-сентябры  № 9

Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Курбан-Кара айылынын тургуну Боронбаев Сүйүнбайдын ижара акысынан бошотуп берүү жөнүндө

Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Курбан-Кара айылынын тургуну  Боронбаев Сүйүнбайдын ижара акысынан бошотуп берүү жөнүндө арызын карап чыгып Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Курбан-Кара айылынын тургуну Боронбаев Сүйүнбайдын жердин келишими бүткөнгө чейин ижара акысынан бошотулсун.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кенешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

Д. Атанов