Редакцияот 25.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VIII сессиясы (сегизинчи чакырылыш)

 

2025-жылдын 25-сентябры  № 10

Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдарындагы кѳчѳлөрүнө татыктуу инсандардын ысымын ыйгаруу жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын “Кыргызстандагы географиялык аталыштар жɵнүндɵ” Мыйзамынын 7-беренесине  жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесине ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Зымырык участкасындагы Кеңеш айылынын 1-көчөсүнө “Ормонов Орозбекдин” ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.

2. Жаны-Кызыл-Суу айылынын жаштар көчөсүнө “Усөнов Алимбекдин” ысымын ыйгарууга макулдук берилсин .

3. Курбан-Кара айылынын тургуну Косимов Маткаримдин өзүнүн жашаган көчөсүнө ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.

4. Присавай айылынын тургуну Авханов Мирзаны өзү жашаган көчөсүнө ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.

5 .Курбан- Кара айылына караштуу “Дөң маала” айылындагы көчөгө Муса Мамаюсупов көчөсүнө чейин “Бейшебаев Улукбектин” ысмын ыйгарууга макулдук берилсин.

6. Курбан-Кара айылына караштуу “Тоок кана” айылындагы ички көчөсүнө “Авазов Ысмайылдын” ысмын ыйгарууга макулдук берилсин.

7. Курбан-Кара айылынын кире беришиндеги “Бай мааланин” биринчи көчөсүнө “Маматисаков Абдикаримдин” ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.

8. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн. ( Э.Эшиев)

9. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кенештин укук, мыйзамдуулук жана административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Беделов)

 

Төрага:

Д. Атанов