Редакцияот 25.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VIII сессиясы (сегизинчи чакырылыш)

 

2025-жылдын 25-сентябры  № 14

Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айылдарын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелерди бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү иш аракеттер планы жөнүндө” №305 Жарлыгынын 5-пунктунун талабына ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айылдарын  көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелерин бекитүүнү Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айылдарын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелерди бекитүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн. (Э.Эшиев)

3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңештин укук, мыйзамдуулук жана административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Беделов).

 

Төрага:

Д. Атанов