Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 30-октябры ПЖ № 310
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 178 “Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басарларын кызмат орундарына дайындоо жол-жоболорун жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 178 “Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жободо:
– 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“17. Улутстаткомдун төрагасынын үч орун басары, анын ичинде бир биринчи жана санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары болот. Улутстаткомдун төрагасынын орун басарлары санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарды кошпогондо, Улутстаткомдун төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат.
Улутстаткомдун төрагасынын санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары санариптик өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрлар резервинде турган талапкерлердин ичинен Улутстаткомдун төрагасынын электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси менен макулдашылган сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат.
Улутстаткомдун төрагасы жок убакта анын милдеттерин Улутстаткомдун төрагасынын биринчи орун басары аткарат.”.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |