Редакцияот 08.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги IX сессиясы

 

2025-жылдын 8-август  №9-13

 

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана “Ат-Башы тазалык” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Н.Шаякматовдун Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана “Ат-Башы тазалык” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү боюнчажазган кайрылуусун угуп жана депутаттардын сунуш-пикирлерин талкуулап чыгып, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

                       

1.    Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Н.Шаякматовдун кайрылуусунун негизинде Ат-Башы айыл өкмөтү тарабынан 2025-жыл ичиндеги өткөрүлгөн мамлекеттик сатып алуулар жана тендерлер боюнча маалымат кат түрүндө айылдык кенештин кароосуна берилсин;

 

2.    “Ат-Башы тазалык” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү жана бухгалтердик иши боюнча көз карандысыз аудит жүргүзүлсүн.

a.    Аудитти өткөрүү үчүн зарыл болгон акча каражаты Ат-Башы айыл аймагынын 9 айлык бюджетине өзгөртүү киргизүүдө каралсын.

 

3.    Көрүстөндөр боюнча маселелерди чечүүдө тиешелүү иштерди аткарбагандыгы үчүн жооптуу кызматкерге кызматтык чара көрүлсүн;

 

4.    Мындан ары көрүстөндөр боюнча иштерди жүргүзүү милдети Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жер адиси Т. Кудайбергеновго жүктөлсүн;

 

5.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевге тапшырылсын.

6.     

 

   Тѳрага

У.  Мелис уулу