Редакцияот 23.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 23-октябры № 693

Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 369 "Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, өлкөнүн табигый жана маданий мурастарын чагылдырган символдорду сактоо, коргоо жана жайылтуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Ак илбирс Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таанылсын.

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын улуттук символу - ак илбирстин логотиби 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын улуттук символу - ак илбирстин логотибин колдонуу тартиби 2-тиркемеге ылайык.

3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги:

1) Кыргыз Республикасынын улуттук символу - ак илбирстин логотибинин сыпатталышын бекитсин;

2) Кыргыз Республикасынын улуттук символу - ак илбирстин логотибин расмий сайтка жайгаштырсын;

3) ак илбирстин санын жана анын жашоо ареалын сактоо боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин.

4. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар жана мекемелер менчигинин түрүнө карабастан ушул токтомду жетекчиликке алсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 81 (3737) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев

 

 

 

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын улуттук символу - ак илбирстин ЛОГОТИБИ