Редакцияот 29.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз X сессиясы

 

2025-жылдын 29-август  №10-1

 

Ат-Башы айылынын “Улан-2” конушундагы 0,60 га жер тилкесин  Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамына таянып, Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн 2025-жылдын 20-августундагы №23-6/5293 сандуу кайрылуусун карап чыгып, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Ат-Башы айылынын “Улан-2” конушунда жайгашкан жалпы аянты 0,60 гектар жер тилкеси Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин;

 

  1. Жер тилкесинин чектерин тактоо жана тиешелүү техникалык документтерди даярдоо иши Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн;

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

   

Тѳрага

У.  Мелис уулу