Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-октябрындагы № 693 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын улуттук символу - ак илбирстин логотибин колдонуу ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын улуттук символу - ак илбирстин логотиби (мындан ары - логотип) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 369 "Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө" Жарлыгына ылайык иштелип чыккан.
2. Логотипти колдонуу тартиби аны улуттук жана эл аралык деңгээлде пайдалануунун бирдиктүү эрежелерин аныктайт жана логотипти колдонгон мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү болуп эсептелет.
3. Кыргыз Республикасынын улуттук символунун логотиби ак илбирстин кыймылдуу абалдагы сүрөттөлүшүндө берилет.
Ак илбирс капталынан көрсөтүлүп, башын көтөргөн жана алдыга караган абалда чагылдырылган, бул өнүгүүгө, прогресске умтулууну жана келечекке ишенимди билдирет. Денесинин назик берилген сүрөттөлүшү жаныбардын ийкемдүүлүгүн, көрктүүлүгүн жана ички күчүн чагылдырат.
Оң буту менен башталган кадамы - жакшылыктын жана туура жолдо жүрүүнүн белгиси болуп саналат. Ак илбирстин куйругу өйдө көтөрүлүп, уч жагы ийилген абалда берилген, бул чечкиндүү аракетке даярдыкты билдирет.
Жалпысынан ак илбирстин образы табиятын, тарыхын, салттарын жана маданий мурастарын сактаган, туруктуу өнүгүүгө умтулган күчтүү, эркин жана бакубат мамлекетти чагылдырат.
4. Логотиптин техникалык параметрлери, пропорциялары, түстөрдүн гаммасы жана башка деталдары айлана-чөйрөнү жана экологияны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
2-глава. Логотипти колдонуу тартиби
5. Логотип төмөнкүлөрдө колдонулушу мүмкүн:
- мамлекеттик жана башка сыйлыктарда, эстелик тыйындарда жана банкноттордо;
- мамлекеттик майрамдарды, эстелик даталарды жана расмий иш-чараларды өткөрүүдө;
- сувенирдик жана басма продукцияларды даярдоодо, ошондой эле имараттарды, курулмаларды жана транспорт каражаттарын кооздоодо;
- архитектуралык жана декоративдик элементтерде;
- өлкө ичинде, ошондой эле анын чегинен тышкары Кыргыз Республикасынын имиджин жогорулатууга багытталган көргөзмөлөрдө, жарманкелерде, фестивалдарда жана башка иш-чараларда;
- билим берүү, маданий жана башка программаларда;
- Кыргыз Республикасын таанытуучу презентациялык, маалыматтык материалдарда жана расмий интернет-ресурстарда.
6. Төмөнкүлөргө жол берилбейт:
- сүрөттү бурмалоого же деформациялоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген жазуулар, сүрөттөр, продукциялар менен кошо колдонууга;
- мамлекеттин имиджине доо кетирген же улуттук баалуулуктарды кемсинткен контекстте колдонууга;
- саясий үгүт иштеринде же ылайык келбеген жарнамалык максаттарда колдонууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укук ээси үчүн каралган учурлардан тышкары, логотипти Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн продукцияны маркалоо үчүн колдонууга.
7. Логотипти колдонуу тартибин бузгандыгы, сүрөттү бурмалагандыгы же мыйзамсыз пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралат.