Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-ноябры № 736
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Ала-Тоо айыл аймагында жайгашкан жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Ала-Тоо айыл аймагына кыш заводун куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин экинчи бөлүгүнүн 6-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 25-августундагы № 01-39/3149 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 6-августундагы № 23-127 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Ала-Тоо айыл аймагындагы № 774 контурда жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган, аянты 2,87 га сугат айдоо жер тилкеси “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына кыш заводун куруу үчүн которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесине шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
3) жерди пайдалануучунун 3 жылдын ичинде өзүнүн, зайымдык каражаттардын жана инвестициялардын эсебинен жерлердин башка түрлөрүн Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна киргизүү менен сугат айдоого өздөштүрүүнү;
4) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
5) Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык чарбалык жана башка иштерди жүзөгө ашырууда экологиялык талаптарды аткарууну;
6) тиешелүү аймакта жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системасынын иштөөсүн, башкы пландагы жер титирөөгө каршы иш-чаралар жана кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо боюнча колдонмону сактоону;
7) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинде тарыхый-маданий мурас объекттери табылганда аларды Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык сактоону;
8) Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркынын суммасын төлөөнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 90 (3746) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |