Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 12-ноябры № 254
Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыз кылуунун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин белгилейт.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Терминдер жана аныктамалар
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) тамак-аш продукциясынын коопсуздугу - тамак-аш продукциясынын адамга жана келечек муундарга зыяндуу таасири менен байланышкан жол берилбес тобокелдиктин жоктугу жөнүндө күбөлөндүрүүчү абалы;
2) тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруу тутумдарынын мамлекеттик аудити - тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруу тутумдарын сактоо бөлүгүндө субъекттин ишинин ал билдирген шарттарга (стандарттарга, тутумдарга) жана кабыл алган милдеттенмелерге иштин шайкештигин аныктоо максатында жүргүзүлүүчү мамлекеттик контролдоонун (көзөмөлдөөнүн) формасы;
3) техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) - жеке ишкерлер катары катталган юридикалык жана жеке жактардын продукцияга карата техникалык регламенттердин талаптарын сактоосун текшерүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын иши;
4) мамлекеттик мониторинг - тамак-аш азыктарынын, азык-түлүк чийки затынын, тоюттардын, тоют кошулмаларынын коопсуздугу, адамга жугуучу жаныбарлардын ооруларынын учурлары, ошондой эле тамак-аш азыктарындагы жана тоюттардагы ветеринардык препараттардын, пестициддердин жана булгоочу заттардын калдыктары табылган учурлар жөнүндө маалыматтарды топтоону, талдоону жана баа берүүнү кароочу мамлекеттик контролдоонун (көзөмөлдөөнүн) формасы;
5) тобокелдиктер жөнүндө маалымдоо - бардык кызыкдар тараптардын ортосундагы тобокелдиктер жана аларды башкаруу боюнча чаралар жөнүндө маалымат алмашуу;
6) тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө интеграцияланган мамиле - тамак-аш продукциясын өндүрүүнүн, сактоонун, ташуунун жана сатуунун бардык этаптарында тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталган ар түрдүү усулдарды, стандарттарды жана технологияларды комплекстүү пайдалануу;
7) Кургактагы жаныбарлардын ден соолук кодекси - Жаныбарлардын ден соолугунун дүйнөлүк уюму тарабынан жаңыланып жана жарыяланып туруучу кургактагы жаныбарлардын ден соолугунун, ошондой эле калктын саламаттыгын ветеринардык жактан камсыз кылуунун дүйнөлүк стандарттары;
8) "Алиментариус кодекси" комиссиясы - керектөөчүлөрдүн ден соолугун коргоо жана тамак-аш азыктарын сатууда ак ниеттүү практиканы камсыз кылуу максатында Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) менен биргеликте түзүлгөн тамак-аш азыктарына карата стандарттар боюнча эл аралык орган;
9) талаптагыдай гигиеналык практика - алынган продукцияда химиялык тектеги зыяндуу заттардын топтолуу мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу, ошондой эле тамак-аш продукциясынын жана азык-түлүк чийки затынын коопсуздугуна же тамак-аш чынжырчасынын кийинки этаптарында пайдалануу үчүн алардын жарактуулугуна таасир этүүсү мүмкүн болгон механикалык жана микробиологиялык булганууга жол бербөөчү шарттарды түзүү;
10) талаптагыдай айыл чарба практикасы - коопсуз тамак-аш продукциясын өндүрүүнү камсыз кылуучу алгачкы өндүрүү баскычында, ошондой эле ташууда жана сактоодо айыл чарба продукциясын (азык-түлүк чийки затын) өндүрүү үчүн шарттарды түзүү;
11) жаныбарлардан алынган кайра иштетилбеген тамак-аш продукциясы - кайра иштетүүдөн (иштетүүдөн) өтпөгөн бардык түрдөгү азык берүүчү жаныбарлардын бүкүлү эти (тулкусу), алардын бөлүктөрү (анын ичинде каны жана субпродуктулары), чийки сүт, майы алынган чийки сүт, чийки каймак, балчылык продукциясы, жумуртка жана жумуртка продукциясы, суудагы биологиялык ресурстарды кармоо, аквакультура продукциясы;
12) алгачкы өндүрүү - өсүмдүктөрдү өстүрүүнү (анын ичинде пестициддерди колдонуу менен), малды союу, сүт саап алуу үчүн багууну (анын ичинде ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын колдонуу менен), ошондой эле жапайы өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды алууну, балык өстүрүүнү камтыган өндүрүү (даярдоо) баскычы;
13) тамак-аш продукциясы - адамдын тамак-ашына керектөө үчүн арналган жаныбарлардан, өсүмдүктөрдөн алынган, микробиологиялык, минералдык, жасалма же биотехнологиялык тектеги табигый, иштетилген же кайра иштетилген түрдөгү азыктар, анын ичинде адистештирилген тамак-аш продукциясы, идишке өлчөп бөлүштүрүлгөн ичүүчү суу, ичүүчү минералдык суу, алкоголдук продукция (анын ичинде сыра жана сыранын негизиндеги суусундуктар), алкоголсуз суусундуктар, тамак-ашка биологиялык активдүү кошулмалар (БАКтар), сагыз, угут жана микроорганизмдердин старттык өсүндүлөрү, ачыткылар, тамак-аш кошулмалары жана жыт бергичтер, ошондой эле азык-түлүк (тамак-аш) чийки заты;
14) диеталык дарылоо азыгынын тамак-аш продукциясы - белгилүү бир азыктык жана энергетикалык баалуулугу, физикалык жана органолептикалык касиеттери бар жана дарылоо диеталарынын курамында пайдалануу үчүн арналган адистештирилген тамак-аш продукциясы;
15) диеталык алдын алуу азыгынын тамак-аш продукциясы - углевод, май, белок, витамин жана зат алмашуунун башка түрлөрүн түзөтүү үчүн арналган, айрым заттардын табигый маңызы жана (же) катышы алардын табигый маңызына карата өзгөртүлгөн жана (же) курамына башында болбогон заттар же компоненттер киргизилген адистештирилген тамак-аш продукциясы, ошондой эле оорулардын өнүгүү тобокелдигин азайтуу үчүн арналган тамак-аш продукциясы;
16) балдар азыгы үчүн тамак-аш продукциясы - балдар азыгы үчүн (0 жаштан 3 жашка чейинки наристе курактагы балдар, 3 жаштан 6 жаштагы мектепке чейинки курактагы балдар, 6 жаштагы жана андан улуу мектеп жашындагы балдар үчүн) арналган, балдардын организминин тиешелүү физиологиялык муктаждыктарына жооп берүүчү жана тиешелүү курактагы баланын ден соолугуна зыян келтирбөөчү адистештирилген тамак-аш продукциясы;
17) өнөр жайда даярдалбаган тамак-аш продукциясы - үй шарттарында жана (же) жеке көмөкчү чарбаларда жарандар тарабынан же багбанчылык, чарбакчылык, мал чарбачылыгы жана иштин башка түрлөрү менен алектенген жарандар тарабынан алынган тамак-аш продукциясы;
18) жаңы түрдөгү тамак-аш продукциясы - жаңы түрдөгү тамак-аш продукциясы салттуу ыкмалар менен алынган, жүгүртүүдө турган жана түзүлгөн тажрыйбадан улам коопсуз деп таанылган тамак-аш продукциясын кошпогондо, Бажы бирлигинин бажы аймагында адам тамак-ашка мурда пайдаланбаган, атап айтканда жаңы же атайылап өзгөртүлгөн алгачкы молекулярдык түзүмү бар, микроорганизмдерден, микроскопиялык козу карындардан жана балырлардан, өсүмдүктөрдөн турган же бөлүнгөн, ГМОну же аларды камтыгандарды, наноматериалдарды жана нанотехнологиялар азыктарын пайдалануу менен алынган тамак-аш продукциясы (анын ичинде тамак-аш кошулмалары жана жыт бергичтер);
19) азык-түлүк чийки заты - өсүмдүктөрдөн, жаныбарлардан алынган, микробиологиялык, минералдык жана жасалма тектеги чийки зат (заттар), ошондой эле тамак-аш продукциясын өндүрүү процессинде пайдаланылуучу суу;
20) тамак-аш продукциясына көз салуу - тамак-аш продукциясын иштетүү (түзүү), өндүрүү (даярдоо) жүгүртүү, утилдештирүү жана жок кылуу бардык этаптарынын (процесстеринин) аралыгында анын коопсуздугун документ түрүндө (электрондук жана /же кагаз түрүндө) ырастоо, тамак-аш продукциясынын, азык-түлүк чийки затынын жана тамак-аш продукциясы менен байланыштагы материалдардын орун алмашуусун белгилөө мүмкүнчүлүгү;
21) тобокелдикти баалоо - зыянкечтин же болбосо илдеттин кирүү, тамыр жаюу же таралуу ыктымалдуулугун жана аны менен байланышкан потенциалдуу биологиялык жана экономикалык кесепеттерди идентификациялоону, мүнөздөөнү, ошондой эле жана сапаттык жана (же) сандык баа берүүнү камтыган процесс же тамак-аш продукциясында кошулмалардын, булгоочу заттардын, токсиндердин же ооруну пайда кылуучу организмдердин болушуна шартталган адамдын же жаныбарлардын өмүрүнө жана ден соолугуна жагымсыз таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө баа берүү;
22) субъект - тамак-аш продукциясын жана/же азык-түлүк чийки затын алгачкы өндүрүүнү, өндүрүүнү, кайра иштетүүнү, импорттоону, ташууну, сактоону, сатууну, утилдештирүүнү жүзөгө ашыруучу юридикалык же жеке жак;
23) тамак-аш продукциясын жок кылуу - тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы мыйзамдардын талаптарына ылайык келбеген тамак-аш продукциясын, анын адамга, жаныбарларга жана айлана-чөйрөгө карата жагымсыз таасирине тете болгон, аны ар кандай пайдалануу жана колдонуу үчүн жарамдуулугун жокко чыгаруучу абалга келтирүү;
24) тамак-аш продукциясын утилдештирүү - ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келбеген, тамак-аш продукциясы үчүн арналган жана адатта пайдаланылган максаттардан айырмаланган тамак-аш продукциясын пайдалануу же болбосо ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келбеген тамак-аш продукциясын ар кандай пайдаланууга жана колдонууга жараксыз, ошондой эле анын адамга, жаныбарларга жана айлана-чөйрөгө тийгизүүчү терс таасирин четтетүүчү абалга келтирүү;
25) фортификация - тамак-аш азыктарын технологиялык иштетүүнүн натыйжасында келип чыккан жоготууларды алардын табигый маңызынын деңгээлине чейин толтуруу максатында тамак-аш азыктарына микронутриенттерди киргизүү, ошондой эле тамак-аш азыктарында башында камтылбаган микронутриенттерди алардын табигый маңызынан жогору деңгээлге чейин кошуу процесси.
2-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген (импорттолгон), ошондой эле тамак-аш продукциясын иштеп чыгуу (түзүү), өндүрүү (даярдоо), жүгүртүү, утилдештирүү жана жок кылуу баскычтарынын (процесстеринин) бардыгында тамак-аш продукциясына жайылтылат.
2. Ушул Мыйзам тамак-аш азыктары менен байланыштагы материалдарга жана буюмдарга, ошондой эле аларды өндүрүүнүн жана иштетүүнүн этаптарына жайылтылат.
3. Ушул Мыйзам тамак-аш азыктарын алуу үчүн пайдаланылуучу азык берүүчү жаныбарлар үчүн арналган тоюттарга жана тоют кошулмаларына, ошондой эле тоюттарды жана тоют кошулмаларын өндүрүү (даярдоо), иштетүү, жүгүртүү, утилдештирүү жана жок кылуу этаптарына жайылтылат.
4. Ушул Мыйзам тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) жана иштетүү процессинде пайдаланылуучу ар кандай агрегаттык абалдагы сууга жайылтылат.
5. Ушул Мыйзамдын күчү жеке керектөөгө арналган жана жүгүртүүгө чыгарууга тийиш болбогон тамак-аш продукциясына жайылтылбайт.
3-берене. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы мыйзамдар
1. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, ушул Мыйзамдын жана ага ылайык кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган макулдашуулардын жоболоруна негизделет.
2. Эгерде мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимде ушул Мыйзамда каралгандан башка эрежелер белгиленсе, эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
4-берене. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуунун принциптери
Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу төмөнкүдөй принциптерге ылайык жүзөгө ашырылат:
- адамдын өмүрүн жана ден соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоо үчүн тамак-аш продукциясынын коопсуздугунун артыкчылыктуулугу;
- адамдын ден соолугуна ыктымалдуу зыяндуу таасирдин алдын алуу;
- тамак-аш продукциясы коопсуздугу чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуунун илимий негиздүүлүгү;
- ыйгарым укуктуу органдардын жана субъекттердин ишинин ачыктыгы;
- тамак-аш продукциясын иштеп чыгуунун (түзүүнүн), өндүрүүнүн (даярдоонун), жүгүртүүнүн, утилдештирүүнүн жана жок кылуунун бардык баскычтарында (процесстеринде) анын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн субъекттердин жоопкерчилиги;
- тамак-аш продукциясын иштеп чыгуунун (түзүүнүн), өндүрүүнүн (даярдоонун), жүгүртүүнүн, утилдештирүүнүн жана жок кылуунун бардык баскычтарында (процесстеринде) ага көз салуу;
- маалыматтын ачыктыгы, жеткиликтүүлүгү, аныктыгы;
- адамдын өмүрүн жана ден соолугун, керектөөчүлөрдүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын эл аралык ченемдери жана эрежелери менен шайкештиги;
- тамак-аш продукциясын иштеп чыгуунун (түзүүнүн), өндүрүүнүн (даярдоонун), жүгүртүүнүн, утилдештирүүнүн жана жок кылуунун бардык баскычтарында (процесстеринде) анын коопсуздугун камсыз кылууга карата интеграцияланган мамиле.
5-берене. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу
1. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуунун максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- адам өмүрүн жана ден соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоо;
- ата мекендик тамак-аш продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
- бул чөйрөдө ишкердикти өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы керектөөчүлөрдүн маалымдар болуу деңгээлин жогорулатуу;
- мамлекеттик органдардын компетенттүүлүгүн бекемдөө.
2. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:
- тобокелдикти талдоонун негизинде тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
- тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы илимий-изилдөө иштерин уюштуруу жана өткөрүү;
- тамак-аш продукциясын иштеп чыгуу (түзүү), өндүрүү (даярдоо), жүгүртүү, утилдештирүү жана жок кылуу баскычтарынын (процесстеринин) бардыгында ага көз салуунун бирдиктүү тутумун иштетүү;
- превентивдүү чараларды, тобокелдикти талдоонун негизинде мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) чараларын уюштуруу жана жүргүзүү;
- өзгөчө кырдаал шарттарында кечиктирилгис санитардык эпидемиологиялык жана ветеринардык-санитардык чараларды көрүү;
- тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында мамлекеттик жөнгө салууга тартылган мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жана аларды координациялоо;
- аталган чөйрөдө эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу.
6-берене. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу тутуму
1. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу тутуму тамак-аш продукциясын түзүү жана жүгүртүү процессинде адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө кооптуулукту жараткан тобокелдикке жол бербөөгө багытталган чаралардын комплексин билдирет.
2. Коопсуздукту камсыз кылуу тутумунун шаймандары болуп төмөнкүлөр саналат:
- тобокелдикти талдоо;
- тамак-аш продукциясына көз салуу тутуму;
- тамак-аш продукциясынын коопсуздугуна карата талаптар;
- коопсуздукту камсыз кылуу инфратүзүмү.
3. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар тамак-аш продукциясын түзүү жана жүгүртүү процессинде аны өндүрүү (даярдоо) этаптарында, сактоо, ташуу, сатуу, утилдештирүү, импорттоо, анын ичинде тамак-аш продукциясы менен байланыштагы материалдарды пайдаланууда колдонулат.
7-берене. Тобокелдикти талдоо
1. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды колдонуу тобокелдикти талдоого негизделет.
Тобокелдикти талдоо "Алиментариус кодекси" комиссиясынын жана Кургактагы жаныбарлардын ден соолук кодексинин сунуштамаларына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
2. Тобокелдикти талдоонун максаты потенциалдуу коркунучтарды табуу жана сыпаттоо, болжолдонгон тобокелдиктерди жокко чыгаруучу же төмөндөтүүчү шарттарды түзүү жана чараларды көрүү болуп саналат.
3. Тобокелдикти талдоо - өз ара байланышкан төмөнкүдөй үч компоненттен турган процесс:
- тобокелдикке баа берүү;
- тобокелдикти башкаруу;
- тобокелдиктер жөнүндө маалымдоо.
4. Тобокелдикке баа берүү көз карандысыз, калыс жана ачык түрдө жүргүзүлөт. колдо болгон илимий маалыматтарга негизделет жана кооптуу факторлорду табууну, сыпаттоону жана аларга баа берүүнү, тобокелдиктин келип чыгуу ыктымалдуулугун жана анын даражасын аныктоону камтыйт.
Мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) жүргүзүү максатында тобокелдикке баа берүүнү жүргүзүү тартибин Министрлер Кабинети аныктайт.
5. Тобокелдикти башкаруу - тамак-аш продукциясын иштеп чыгуу (түзүү), өндүрүү (даярдоо), жүгүртүү, утилдештирүү жана жок кылуу баскычтарынын (процесстеринин) бардык этаптарында тартылган субъекттер тарабынан тобокелдиктин алдын алуу, аны төмөндөтүү жана жоюу боюнча чараларды тандоо жана көрүү процесси.
Тобокелдикти башкаруу натыйжалуу жана тобокелдикке шайкеш болууга тийиш.
Ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн жактар тобокелдикке баа берүүнүн бүткүл процессинин ичинде маалыматты жана тыянактарды алмашууну жүзөгө ашырууга, ошондой эле тобокелдиктер жөнүндө бардык кызыкдар жактарга өз убагында маалымдоого милдеттүү.
6. Өзгөчө кырдаалдар учурунда кечиктирилгис санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык-санитардык чаралар тобокелдикке баа берүүнүн натыйжаларына карабастан көрүлөт.
8-берене. Көз салуу
1. Тамак-аш продукциясына көз салуу аны иштеп чыгуунун (түзүүнүн), өндүрүүнүн (даярдоонун), жүгүртүүнүн, утилдештирүүнүн жана жок кылуунун бардык этаптарында (процесстеринде) төмөнкүдөй максаттарда камсыз кылынат:
1) тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы мыйзамдардын талаптарына ылайык келбеген продукциянын рынокко келип түшүүсүнүн алдын алуу;
2) тамак-аш продукциясын иштеп чыгуунун (түзүүнүн), өндүрүүнүн (даярдоонун), жүгүртүүнүн, утилдештирүүнүн жана жок кылуунун бардык этаптарында (процесстеринде) кооптуулук булагын белгилөө;
3) керектөөчүнү коргоо максаттарында кооптуу продукцияны алып салууну камсыз кылуу;
4) тамак-аш продукциясын иштеп чыгуунун (түзүүнүн), өндүрүүнүн (даярдоонун), жүгүртүүнүн, утилдештирүүнүн жана жок кылуунун бардык этаптарында (процесстеринде) жооптуу субъекттерди белгилөө;
5) кызыкдар тараптар жана керектөөчүлөр менен маалымат алмашуу.
2. Субъекттер аларга тамак-аш азыктарын жана тоюттарды, тамак-аш азыктары алынган жаныбарларды же тамак-аш азыктарына жана тоюттарды кошуу үчүн арналган заттарды берүүчү субъекттерди, ошондой эле алар тамак-аш азыктарын жана тоюттарды берүүчү субъекттерди аныктоого мүмкүндүк берүүчү тутумга жана жол-жоболорго ээ болууга тийиш.
Ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн тутумдардын жана жол-жоболордун болушу документтерди электрондук жана (же) кагаз түрүндө түзүү жана сактоо менен камсыз кылынат.
Тамак-аш продукциясына көз салууну камсыз кылуучу документтер маркалоодо көрсөтүлгөн тамак-аш продукциясынын жарактуулук мөөнөтү өткөндөн кийин кеминде 1 жыл сакталат.
3. Субъекттер жана тамак-аш продукциясы кайталангыс идентификациялык (каттоо) номерди ыйгаруу менен көз салуунун мамлекеттик маалымат тутумунда катталат.
4. Көз салуунун мамлекеттик маалымат тутумунун иштөө тартибин Министрлер Кабинети аныктайт.
9-берене. Шайкештикке баа берүү
1. Азык-түлүк чийки затынын, тамак-аш продукциясынын жана аларды өндүрүү (даярдоо), сактоо, ташуу (транспорттоо), сатуу жана утилдештирүү процесстеринин шайкештигине баа берүү төмөнкүдөй формаларда жүргүзүлөт:
1) адистештирилген тамак-аш продукциясын мамлекеттик каттоо;
2) жаңы түрдөгү тамак-аш продукциясын мамлекеттик каттоо;
3) алгачкы өндүрүлгөн продукцияга ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү;
4) азык-түлүк чийки затынын жана тамак-аш продукциясынын шайкештигин декларациялоо формасында шайкештикти ырастоо.
2. Өнөр жайда даярдалбаган тамак-аш продукциясынын жана кызмат көрсөтүүдө сатууга арналган тамактануу (коомдук тамактануу) ишканаларынын тамак-аш продукциясынын, ошондой эле аны сатуу процесстеринин шайкештигине баа берүү мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) формасында жүргүзүлөт.
3. Тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо), сактоо, ташуу (транспорттоо), сатуу жана утилдештирүү процесстеринин анын коопсуздугу жаатындагы мыйзамдардын талаптарынын шайкештигине баа берүү мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) формасында жүргүзүлөт.
4. Жаныбарлардан алынган кайра иштетилбеген азык-түлүк (тамак-аш) чийки затын алуу, кайра иштетүү (иштетүү) боюнча иш жүзөгө ашырылып жаткан өндүрүштүк объекттерге мамлекеттик каттоо формасында шайкештикке баа берилүүгө тийиш.
5. Тамак-аш продукцияларынын шайкештигин ырастоо формасында шайкештикке баа берүү алар Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарылганга чейин, ал эми Кыргыз Республикасынын аймагына биринчи жолу ташып келинген продукцияга карата ал ташып келингенге чейин жүргүзүлөт.
10-берене. Тамак-аш продукциясын жүгүртүүдөн алып салуу жана кайра чакыртып алуу
Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген тамак-аш продукциясы, анын ичинде жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш продукциясы субъекттер тарабынан өз алдынча кайра чакыртып алынууга же болбосо ыйгарым укуктуу органдын жазма буйругу боюнча белгиленген тартипте алып салынууга тийиш.
11-берене. Маалымдоо
1. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ташып келген, өндүргөн же кайра иштеткен продукциясынын шайкеш келбегендигин тапкан субъект ушундай продукциянын бар экендиги жөнүндө, ошондой эле көрүлгөн чаралар жөнүндө ыйгарым укуктуу органга жана калкка тез арада маалымдоого милдеттүү.
2. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына продукциянын шайкеш келбегендигин тапкан ыйгарым укуктуу орган башка ыйгарым укуктуу органдарга жана калкка тез арада маалымдоого милдеттүү.
3. Башка өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу органдарына маалымдоо Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, күчүнө кирген эл аралык келишимдердин алкагында жүзөгө ашырылат.
12-берене. Өзгөчө кырдаалдар
Тамак-аш продукциясын колдонуу менен шартталган жугуштуу оорулар жана массалык жугуштуу эмес оорулар (уулануулар) келип чыкканда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзгөчө кырдаалдар жаатындагы мыйзамдарга ылайык өз компетенциясынын чектеринде чектөөчү жана (же) тыюу салуучу чараларды жүзөгө ашырат.
2-глава. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы талаптар
13-берене. Алгачкы өндүрүү баскычындагы алгачкы өндүрүүдөгү продукциянын коопсуздугуна карата талаптар
1. Алгачкы өндүрүү тамак-аш продукциясынын, ошондой эле айлана-чөйрөнүн коопсуздугун камсыз кылууга тийиш.
2. Алгачкы өндүрүүдөгү продукциянын коопсуздугу Министрлер Кабинети аныктаган, талаптагыдай айыл чарбалык жана гигиеналык практика принциптерине негизделген талаптарды сактоо аркылуу камсыз кылынат.
3. Талаптагыдай айыл чарбалык жана гигиеналык практика принциптерине негизделген талаптар жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продукцияда химиялык тектеги зыяндуу заттардын, механикалык жана микробиологиялык булгануулардын топтолуусунун алдын алуу максатында аймактарды, жайларды, жабдууларды күтүүнүн жана пайдалануунун, персоналдын гигиенасынын шарттарын аныктайт.
4. Жаныбарлардан алынган тамак-аш азыктарын алуу үчүн жаныбарларды багуу, көбөйтүү процессинде ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын, өсүмдүктөрдү өстүрүү процессинде пестициддерди колдонуу тартибин Министрлер Кабинети аныктайт.
14-берене. Тамак-аш продукциясын өндүрүүдө (даярдоодо) анын коопсуздугуна карата талаптар
1. Тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) үчүн тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы мыйзамдардын талаптарына ылайык келген чийки зат жана тамак-аш кошулмалары пайдаланылууга тийиш.
2. Тамак-аш продукциясын өндүрүү процесстеринин коопсуздугу тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруу тутуму менен камсыз кылынат.
Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруу тутумун ишке ашыруу программанын субъекти тарабынан өндүрүштүк контролдоону киргизүү жолу менен камсыз кылынат.
15-берене. Тамак-аш продукциясын өлчөп бөлүштүрүүдө, таңгактоодо жана маркалоодо анын коопсуздугуна карата талаптар
1. Тамак-аш продукциясы техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык сактоодо, ташууда жана сатууда анын коопсуздугун камсыз кылуучу ыкмалар менен бөлүп салынууга жана таңгакталууга тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын аймагындагы жүгүртүүдөгү тамак-аш продукциясы техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жана расмий тилдерде маркаланууга тийиш.
16-берене. Тамак-аш продукциясын сактоодо жана ташууда анын коопсуздугуна карата талаптар
1. Тамак-аш продукциясын сактоо жана ташуу анын коопсуздугун жана алгачкы касиеттеринин сакталышын камсыз кылуучу шарттарда Министрлер Кабинети белгилеген талаптарга ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.
2. Тамак-аш продукцияларын сактоого тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы мыйзамдардын талаптарына ылайык келүүгө тийиш болгон атайын жабдылган жайларда жана курулмаларда жол берилет.
3. Тамак-аш продукциясын ташуу үчүн мындай максаттарга атайын арналган жана (же) жабдылган транспорт каражаттары пайдаланылат.
17-берене. Тамак-аш продукциясын сатууда анын коопсуздугуна карата талаптар
1. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы талаптарга ылайык келүүчү шарттарды сактаганда сатууга жол берилет.
2. Тамак-аш азыктарын сатуу Министрлер Кабинети аныктаган тартипте техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген талаптарга алардын шайкештигин ырастоочу документтер менен коштолууга тийиш.
3. Коомдук тамактануу жана тейлөө ишканаларында тамак-аш продукциясынын коопсуздугу тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруу тутуму менен камсыз кылынат.
Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруу тутумун ишке ашыруу өндүрүштүк контролдоо программасын киргизүү менен камсыз кылынат.
18-берене. Ичүүчү суунун коопсуздугуна карата талаптар
1. Тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) жана иштетүү процессинде пайдаланылуучу ичүүчү суу ичүүчү суунун коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
2. Тамак-аш азыктарын өндүрүүдө (даярдоодо) пайдаланылуучу муз жана буу ичүүчү суунун коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келген ичүүчү суудан даярдалууга тийиш.
3. Тамак-аш продукциясы катары табигый минералдык сууларды пайдаланууга курортология илимий мекемелеринин бальнеологиялык корутундусу алынгандан кийин саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аныктаган тартипте жол берилет.
19-берене. Тамак-аш продукциясын иштеп чыгуу (түзүү), өндүрүү (даярдоо) жана жүгүртүү баскычтарында (процесстеринде) пайдаланылуучу машиналарга жана жабдууларга, материалдарга жана буюмдарга, ошондой эле тамак-аш продукциясы менен байланыштагы материалдарга жана буюмдарга карата талаптар
1. Тамак-аш продукциясын иштеп чыгуу (түзүү), өндүрүү (даярдоо) жана жүгүртүү баскычтарында (процесстеринде) пайдалануучу машиналар жана жабдуулар, материалдар жана буюмдар:
- Министрлер Кабинети аныктаган тартипте техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген талаптарга шайкеш келүүгө тийиш;
- тамак-аш азыгы менен байланыш болгондо анын курамын өзгөртпөөгө жана коопсуздук көрсөткүчтөрүнө таасирин тийгизбөөгө тийиш;
- багыты боюнча гана пайдаланылууга тийиш.
2. Тамак-аш продукциясы менен байланыштагы материалдарга жана буюмдарга карата алардын коопсуздугун ырастоочу, Министрлер Кабинети аныктаган тартипте техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык берилген документ тиркелүүгө тийиш.
20-берене. Тамак-аш продукциясын утилдештирүү жана жок кылуу процесстерине карата талаптар
1. Тамак-аш продукциясын өндүрүүнүн (даярдоонун), сактоонун, ташуунун (транспорттоонун), сатуунун ар кандай этабында тамак-аш продукциясынын коопсуздук талаптарына шайкеш келбегендиги табылган учурда мындай продукция Министрлер Кабинети аныктаган тартипте утилдештирилет же жок кылынат.
2. Утилдештирүү же жок кылуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин мындай продукциянын сакталышы жана эсепке алынышы үчүн субъект жоопкерчилик алат.
3. Тамак-аш продукциясын утилдештирүү же жок кылуу менен байланышкан чыгымдарды тамак-аш продукциясынын менчик ээси тартат.
21-берене. Тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу кызматкерлерге карата талаптар
1. Субъекттер иши тамак-аш азыктарын өндүрүү, сактоо, ташуу жана сатуу менен байланышкан кызматкерлерди милдеттүү алдын алуучу жана мезгилдүү медициналык кароодон жана гигиеналык окуудан өтүүнү коомдук саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыз кылууга милдеттүү.
2. Алдын алуучу жана мезгилдүү медициналык кароодон өтпөгөн, ошондой эле жугуштуу оорулар менен ооруган кызматкерлерге же болбосо оорулардын козгогучтарын алып жүрүүчүлөргө лабораториялык изилдөөлөрдүн терс натыйжалары алынганга чейин тамак-аш продукциясын иштеп чыгуу (түзүү), өндүрүү (даярдоо), жүгүртүү жана утилдештирүү процесстерине катышууга тыюу салынат.
22-берене. Атайын багыттагы тамак-аш продукциясына карата талаптар
1. Адистештирилген тамак-аш продукциясына төмөнкүлөр кирет:
1) балдардын тамактануусу үчүн тамак-аш продукциясы, анын ичинде балдар тамактануусу үчүн ичүүчү суу;
2) диеталык дарылоочу жана диеталык алдын алуучу тамактануу үчүн тамак-аш продукциясы;
3) бальнеологиялык ченемдерден төмөн эмес санда биологиялык активдүү заттарды камтыган, минералдашуусу 1 мг/дм3дан ашкан же андан аз минералдашканда табигый минералдык, дарылык-ашкана, дарылык минералдык суу;
4) спортчулар, кош бойлуу жана бала эмизген аялдар үчүн тамак-аш продукциясы;
5) биологиялык активдүү тамак-аш кошулмалары (БАКтар).
2. Атайын багыттагы тамак-аш продукциясы:
1) керектөөчүлөрдүн (сатып алуучулардын) тиешелүү топторунун физиологиялык муктаждыктарын канааттандырууга тийиш;
2) тамак-аш, биологиялык жана энергетикалык баалуулугу боюнча идиште (таңгакта) көрсөтүлгөн маалыматка шайкеш келүүгө тийиш.
Биологиялык активдүү тамак-аш азыктарынын курамындагы дары-дармектерге киргизилген заттардын маңызы тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
23-берене. Байытылууга (фортификацияланууга) тийиш болгон тамак-аш продукциясына карата талаптар
1. Тамак-аш продукциясы байытылышы (фортификацияланышы) мүмкүн. Тамак-аш продукциясын байытуу (фортификациялоо) үчүн саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жактырылган витаминдик-минералдык комплекстер пайдаланылышы мүмкүн.
2. Байытылууга (фортификацияланууга) тийиш болгон тамак-аш продукциясынын тизмеги, ошондой эле анын байытуу (фортификациялоо) тартибин саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын илимий негизделген сунуштарынын негизинде Министрлер Кабинети аныктайт.
3-глава. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик органдардын тутуму
24-берене. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик органдардын тутуму
1. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик органдардын тутумуна төмөнкүлөр кирет:
1) Министрлер Кабинети;
2) айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
3) калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
4) техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
2. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын Министрлер Кабинети аныктайт.
4-глава. Мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө)
25-берене. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы талаптардын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө)
1. Тамак-аш продукциясын иштеп чыгуунун (түзүүнүн), өндүрүүнүн (даярдоонун), жүгүртүүнүн, утилдештирүү жана жок кылуунун бардык этаптарында (процесстеринде) мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жүктөлгөн ыйгарым укуктардын чегинде жүргүзүлөт.
Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы талаптардын сакталышына, ошондой эле тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруу тутумун сактоо бөлүгүндө аларга жүктөлгөн милдеттенмелердин субъекттер тарабынан сакталышына мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) жүргүзүлөт.
2. Мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) жүргүзүү формалары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) текшерүү;
2) мамлекеттик мониторинг;
3) мамлекеттик аудит.
26-берене. Текшерүүлөр
1. Ушул Мыйзамдын 27-28-беренелеринде каралган учурларды кошпогондо, текшерүүлөрдү жүргүзүү максаттарында текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби, алардын мезгилдүүлүгү, тобокелдикке баа берүүнү жүргүзүү тартиби ишкердик иштин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
2. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжалары боюнча ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык табылган бузууларга бөгөт коюуга жана (же) четтетүүгө багытталган таасир этүү чаралары көрүлөт.
27-берене. Алгачкы өндүрүү жапа мал союу баскычындагы текшерүүлөр
1. Өсүмдүктөрдү өстүрүү (анын ичинде пестициддерди колдонуу менен), жаныбарларды багуу, сүт саап алуу (анын ичинде ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын колдонуу), жапайы өсүмдүктөрдү, жаныбарларды, балыкты өстүрүү ишин жүзөгө ашыруучу субъекттер, анын ичинде өнөр жайда даярдалбаган тамак-аш продукциясын өндүрүүчү жактар алгачкы өндүрүү баскычында текшерилүүгө тийиш.
2. Алгачкы өндүрүү баскычындагы текшерүү субъекттин айыл чарбалык жана гигиеналык практика принциптерине негизделген талаптарды сакташын белгилөө максатында жүргүзүлөт.
3. Мал союу процессин текшерүү субъекттин ветеринардык-санитардык талаптарды сактоосун белгилөө максатында жүргүзүлөт.
4. Алгачкы өндүрүү субъекттерине текшерүүнү жүргүзүү тартибин Министрлер Кабинети аныктайт.
28-берене. Тамак-аш продукциянын сатуу этабындагы текшерүүлөр
1. Соода ишканаларында сатылып жаткан тамак-аш продукциясын текшерүүлөр ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Чакан чекене соода тармагында сатылып жаткан тамак-аш продукциясын текшерүүлөр стационардык соода объекттеринен тышкары жердеги соода жүргүзүү үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аныктаган жерлерде, Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүргүзүлөт.
3. Азык-түлүк рынокторунда жаныбарлардан алынган иштетилбеген азык-түлүк чийки затын, өнөр жайда даярдалбаган тамак-аш продукциясын текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин Министрлер Кабинети аныктайт.
29-берене. Мамлекеттик мониторинг
1. Мамлекеттик мониторинг тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу, кооптуу тамак-аш азыктарын жүгүртүүнү алдын алуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарын аныктоо максатында тамак-аш продукциясын иштеп чыгуунун (түзүүнүн), өндүрүүнүн (даярдоонун), жүгүртүүнүн, утилдештирүүнүн жана жок кылуунун бардык баскычтарында (процесстеринде) жүргүзүлөт.
2. Мониторинг жүргүзүү максатында үлгүлөрдү (сынамдарды) тандоо ушул Мыйзамдын 31-беренесинде каралган тартипте жүргүзүлөт.
3. Мамлекеттик мониторинг жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтардын тизмеги, аларды бажы органдары, техникалык жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктуу орган, шайкештикке баа берүү органдары жана сыноо лабораториялары тарабынан берүү тартибин мамлекеттик мониторинг жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу орган аныктайт.
4. Мониторингдин натыйжалары тобокелдикти талдоо, мыйзамдарды өркүндөтүү, алдын алуучу чараларды жана текшерүүлөрдү жүргүзүүнү пландаштыруу, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдардын функцияларын оптималдаштыруу үчүн пайдаланылат. Мамлекеттик мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик каралбайт.
5. Мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча, анын ичинде продукцияны лабораториялык изилдөөлөрдүн (сыноолордун) натыйжалары боюнча тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы талаптарга шайкеш келбеген тамак-аш продукциясы табылганда маалымат тез арада субъектке жөнөтүлөт.
30-берене. Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруу тутумдарынын мамлекеттик аудити
1. Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруу тутумдарынын мамлекеттик аудити аларды колдонуунун үзгүлтүксүздүгүн, туруктуулугун жана аларды колдонуунун натыйжалуулугун текшерүүнү карайт.
2. Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруу тутумдарынын мамлекеттик аудити субъекттин арызы боюнча жүргүзүлөт.
3. Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруу тутумдарынын мамлекеттик аудитинин натыйжалары субъектке ыйгарылган тобокелдиктин даражасын жана текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгүн аныктоодо эске алынат.
4. Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруу тутумдарынын мамлекеттик аудитинин натыйжалары сунуштарды жана/же сунуштамаларды камтыган отчет түрүндө жол-жоболоштурулат. Отчет эки нускада толтурулат, бир нускасы аудит жүргүзүлгөн субъектке берилет, экинчиси ыйгарым укуктуу органда сакталууга тийиш.
5. Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруу тутумдарынын мамлекеттик аудитинин натыйжалары боюнча административдик таасир этүү чаралары колдонулбайт.
6. Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруу тутумдарына мамлекеттик аудит жүргүзүүдө эл аралык стандарттарга негизделген ыктыярдуу түрдө сертификатталган сапат менеджментинин тутумдарынын жол-жоболору менен билдирилген талаптарга шайкеш эместиктер табылган учурда тиешелүү маалымат мындай сертификаттоону жүргүзгөн органга жөнөтүлөт.
31-берене. Продукциянын үлгүлөрүн (сынамдарын) тандоо
1. Мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) максаттары үчүн продукциянын үлгүлөрү (сынамдары) стандарттарда белгиленген ченемдерден ашпаган көлөмдө тандап алынат.
2. Мамлекеттик мониторинг жүргүзүүнүн жүрүшүндө тандалган продукциянын үлгүлөрүнүн (сынамдарынын) наркын кошпогондо, мамлекеттик контролдоонун (көзөмөлдөөнүн) жүрүшүндө тандалган продукциянын үлгүлөрүнүн (сынамдарынын) наркынын орду толтурулбайт.
32-берене. Мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) максаттары үчүн лабораториялык сыноолор
1. Шайкештикке милдеттүү баа берүү максаттары үчүн тамак-аш продукциясын сыноо техникалык жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдарда белгиленген тартипте аккредиттелген лабораториялар тарабынан жүргүзүлөт.
2. Текшерүү формасында жүргүзүлүүчү мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) максаттары үчүн тамак-аш продукциясын сыноо мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
3. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы мыйзамдардагы табылган бузууларды субъект тарабынан четтетүүнү ырастоо максатында жүргүзүлгөн тамак-аш продукциясын сыноолор субъекттин каражаттарынын эсебинен каржыланат.
4. Мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) максатында тамак-аш продукциясын сыноону жүргүзүүчү лабораториялар тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш эместик жөнүндө күбөлөндүрүүчү сыноолордун натыйжалары тууралуу маалыматты айыл чарба чөйрөсүндөгү жана калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдарга тез арада жөнөтүүгө милдеттүү.
5-глава. Субъекттердин укуктары жана милдеттери
33-берене. Субъекттердин укуктары жана милдеттери
1. Субъекттер ушул Мыйзамдын жана тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоого милдеттүү.
2. Субъекттер төмөнкүлөргө укуктуу:
1) айыл чарба чөйрөсүндөгү жана калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардан белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү алууга:
- мамлекеттик контролдоонун (көзөмөлдөөнүн) натыйжасы болуп саналуучу, тиешелүү түрдө жол-жоболоштурган документтерди, анын ичинде субъекттерди жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп саналуучу документтерди;
- мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) менен байланышкан башка маалыматты;
2) мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) жүргүзүү тартибин бузууга жол берген кызмат адамдарына мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) жүргүзүүгө жол бербөөгө;
3) мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) жүргүзүү процессинде алынган, мыйзам тарабынан корголуучу маалыматтын жашыруундугун камсыз кылууга;
4) жүргүзүлгөн мамлекеттик контролдоонун (көзөмөлдөөнүн) натыйжаларына административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга;
5) ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды аткаруу максатында методикалык жардамды, кеңештерди алуу үчүн жана кырдаалга баа берүү үчүн мамлекеттик органдарга кайрылууга.
6-глава. Корутунду жоболор
34-берене. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган административдик жоопкерчиликти тартат.
35-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 91 (3747) саны менен жарыяланды
2. Министрлер Кабинети ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айдын ичинде:
- ушул Мыйзамда каралган ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышын камсыз кылсын;
- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 24-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |