КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 3-апрели № 9
“Кара-шоро айыл өкмөтүнүн Ак-Жар жайыт комитетинин 2024- жылга карата бюджети жөнүндө”
Кара-Шоро айылдык Кенеши Ак-Жар жайыт комитетинин төрагасы О.Карабашевдин 2024-жылга карата малдын санына, жайыт аянтынын арендалары ж.б. техникалык кызмат көрсөтүү боюнча каражаттарынын негизинде пландаштырылган бюджети боюнча маалыматын угуп талкуулап
Токтом кылат.
1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн Ак-Жар жайыт комитетинин бюджети, айыл өкмөттүн аймагындагы малдарга жайыт акысы мыйзамда белгиленгендей кой- эчкиге 30 сом, мал,жылкыга 150 сом өлчөмүндө жана башка айыл өкмөттүн жайыт пайдалануучуларына, кой- эчкиге 60 сом, мал, жылкыга 300 сом өлчөмүндө жайыт акы белгиленсин.
2. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалангандар үчүн ар бир сотых жерге Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн тургундарына 150 сом,башка айыл өкмөттүн тургундарына 200 сом жана Байбиче участкасындагы көмүр кампа максатында пайдаланылган жер тилкелерине ижара акысы 0,01 га жер аянтына 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө төлөнсүн.
3. Өзгөн токой чарбасы жана “Кара-Шоро Улуттук Паркы” жайыттарына Кара-Шоро айыл аймагынын жайыт пайдалануучулары келишимдин негизинде чыгып, Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жайыттарын келишимсиз кошо пайдалангандыгына байланыштуу жайыт төлөмдөрүнүн 50 пайызы Кара-шоро айыл өкмөтүнүн Ак-Жар жана Көлдүк жайыт комитеттеринин эсебине төгүлсүн. Айыл өкмөтүнүн эсебиндеги МТЗ 89,2 тракторунун ижара акысы 200000 (эки жүз миң) сомго белгиленсин.
4. Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн Ак-Жар жайыт комитетинин 2024-жылга пландаштырылган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 1200,0 (бир миллион эки жүз) миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджеттик жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| Турдали у К. |