Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 7-ноябры № 304
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Бишкек шаарынын мэриясында квалификациялуу кадрларды ыкчам тандоо үчүн ченемдик укуктук негизди камсыз кылуу максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
II бөлүмдүн 5-главасында:
- 1-пунктта:
"Башкы кызмат орду" тобунун "Б-А" категориясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Б-А | Бөлүмдүн башчысы | Башкармалыктын начальниги Бөлүмдүн башчысы Башкармалыктын начальниги (*)(***) Бөлүмдүн башчысы(*)(****) | Ведомстволук бөлүмдүн жетекчиси Ведомстволук бөлүмдүн жетекчиси(*)(***) | Административдик райондун башчысынын орун басары Муниципалдык аймактык башкармалыктын (мэриянын түзүмүндөгү) жетекчиси |
|
";
"Улук кызмат орду", "Кенже кызмат орду" топтору төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Улук кызмат орду | |||||
У-А | Сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы | Сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Басма сөз-катчы(*)(****) | Бөлүмдүн, сектордун башчысы | Бөлүмдүн, сектордун башчысы | Ведомстволук бөлүмдүн аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Муниципалдык аймактык башкармалыктын (мэриянын аймактык бөлүмүнүн түзүмүндөгү) жетекчисинин орун басары Бөлүмдүн, сектордун башчысы |
У-Б | Башкы адис | Башкы адис Башкы инспектор Башкы адис(*)(****) | Башкы адис Башкы инспектор | Башкы адис | Башкы адис |
Кенже кызмат орду | |||||
К-А | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис Улук инспектор Жетектөөчү адис(*)(****) | Жетектөөчү адис Улук инспектор | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис |
К-Б | Адис | Адис Инспектор Адис(*)(****) | Адис Инспектор | Адис | Адис |
";
- 5-главага эскертүүдө:
сегизинчи абзацта "борбордук аппаратындагы" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"(****) - Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратындагы административдик муниципалдык кызмат орду (басма сөз-катчы, ички аудит бөлүмү).".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 87 (3743) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |