Сравнение редакций…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 11-ноябрындагы ПЖ № 308 Жарлыгы менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин байрагынын
техникалык өзгөчөлүгү
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин байрагынын
техникалык сыпаттамасы
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин байрагы периметри боюнча туурасы 50 мм болгон алтын чачылуу алтын тасма менен жээктелген кызыл (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун түсүндөгү) кездемеден даярдалат. Кездеменин туурасы анын узундугунун бештен үчүн түзөт.
2. Геометриялык борборунда алтын түстүү айлана орун алган, анын диаметри туунун туурасынын бештен үчүнө барабар.
3. Алтын түстүү айлананын борборунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин стилинде тартылган сүрөт: көлдүн, Ала-Тоо кыркаларынын жана алтын түстүү шоолалары бар чыгып келе жаткан күндүн фонунда канаттары жайылган ак шумкар тартылган.
4. Айлананы тегерете алтын тамгалар менен: “Кыргыз Республикасынын Президенти” деген жазуу жазылган. Тамгалардын бийиктиги алтын түстүү айлананын диаметринин жетиден бирин түзөт.
5. Туунун каскагына күмүш тээк бекитилген, анда мамлекеттик тилде Кыргыз Республикасынын Президентинин фамилиясы, аты жана атасынын аты, ошондой эле ал шайланган мөөнөттүн датасы чегип түшүрүлгөн.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин байрагы ушул техникалык өзгөчөлүктүн 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн үлгүгө коюлуучу талаптарга, түстөргө жана түзүлүш схемаларына ылайык келүүгө тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин байрагынын
учтугунун техникалык сыпаттамасы
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин байрагынын учтугу алтын түстүү металлдан жасалат жана найзанын учу түрүндөгү каскактын ичине жайгаштырылган байыркы кыргыз элинин негизги тамгасынын, түркүктүн, жер шарынын, ошондой эле канатын кере жайган Ак шумкардын сүрөттөлүшүнөн турат. Кыргыз Республикасынын Президентинин байрагынын стандарттык учтугунун өлчөмдөрү: бийиктиги – 0,3221 м, туурасы – 0,18 м.
2. Учтук – бул байрактын каскагынын металл учу, ал каскакка втулканын жардамы менен бекемделген. Тарыхый жактан кыргыздарда учтук баалуу металлдардан жасалган. Мисалы, “Манас” эпосунда: “Айчыгы алтын кызыл туу, Айгайлаган ызы-чуу” деген саптар кездешет. Согуш жана коргонуу мезгилинде ал найза катары да кызмат кылган. Тынчтык мезгилинде салтанатты, даңктуулукту, айбаттуулукту жана жогорку искусствону билдирген.
3. Тамга – байыркы кыргыздардын негизги тамгасы. Ал көз карандысыздыктын, кубаттуулуктун, тең салмактуулуктун жана адилеттүүлүктүн символу.
4. Жер шары – тынчтыктын жана меймандостуктун символу, бүткүл адамзаттын мекени жана уясы.
5. Түркүк – “Манас” эпосунда Манастын өзүн сүрөттөөдө: “Асман менен жериңдин, Тирөөсүнөн бүткөндөй. Айың менен күнүңдүн, Бир өзүнөн бүткөндөй” деген саптар кездешет. Байыркы кыргыздар да дөөлөт менен байлыкка ээ болгондо, жоопкерчиликти өз мойнуна алып, өздөрүн элдин тирөөчү менен салыштырган. Түркүктөгү учтукта тамга, жер шары жана Ак шумкар кармалып турат.
6. Ак шумкар – эркиндикти, айкөлдүктү, адилеттүүлүктү, тазалыкты, эрдикти жана берилгендикти билдирет.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин байрагынын учтугу ушул техникалык өзгөчөлүктүн 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн үлгүгө жана өлчөмдөргө коюлуучу талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
| Кыргыз Республикасынын Президентинин байрагынын 1-тиркеме |
Үлгү
Модулдук торчо |
|
| Кыргыз Республикасынын Президентинин байрагынын техникалык 2-тиркеме |
Үлгү |
Өлчөмдөрү |
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 11-ноябрындагы ПЖ № 308 Жарлыгы менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин байрагынын
техникалык өзгөчөлүгү
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 16-июнундагы № 216 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин байрагынын
техникалык сыпаттамасы
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин байрагы периметри боюнча туурасы 50 мм болгон алтын чачылуу алтын тасма менен жээктелген кызыл (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун түсүндөгү) кездемеден даярдалат. Кездеменин туурасы анын узундугунун бештен үчүн түзөт.
2. Геометриялык борборунда алтын түстүү айлана орун алган, анын диаметри туунун туурасынын бештен үчүнө барабар.
3. Алтын түстүү айлананын борборунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин стилинде тартылган сүрөт: көлдүн, Ала-Тоо кыркаларынын жана алтын түстүү шоолалары бар чыгып келе жаткан күндүн фонунда канаттары жайылган ак шумкар тартылган.
4. Айлананы тегерете алтын тамгалар менен: “Кыргыз Республикасынын Президенти” деген жазуу жазылган. Тамгалардын бийиктиги алтын түстүү айлананын диаметринин жетиден бирин түзөт.
5. Туунун каскагына күмүш тээк бекитилген, анда мамлекеттик тилде Кыргыз Республикасынын Президентинин фамилиясы, аты жана атасынын аты, ошондой эле ал шайланган мөөнөттүн датасы чегип түшүрүлгөн.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин байрагы ушул техникалык өзгөчөлүктүн 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн үлгүгө коюлуучу талаптарга, түстөргө жана түзүлүш схемаларына ылайык келүүгө тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин байрагынын
учтугунун техникалык сыпаттамасы
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин байрагынын учтугу алтын түстүү металлдан жасалат жана найзанын учу түрүндөгү каскактын ичине жайгаштырылган байыркы кыргыз элинин негизги тамгасынын, түркүктүн, жер шарынын, ошондой эле канатын кере жайган Ак шумкардын сүрөттөлүшүнөн турат. Кыргыз Республикасынын Президентинин байрагынын стандарттык учтугунун өлчөмдөрү: бийиктиги – 0,3350 м, туурасы – 0,1200 м.

».