Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-сентябрындагы № 52
Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы жарандарды жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча програмасын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы жарандарды жер участоктору менен камсыз кылуу програмасы боюнча Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А.Айбашевтин баяндамасын угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезексиз ХIII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы жарандарды жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча програмасы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Жер тилкесин сунуштоо менен (трансформациялоо) иштерин жүргүзүүгө тиешелүү иш кагаздарын Мыйзам талаптарына ылайык даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Талантбек уулуна милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, экология, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: | Г.Токтомуратова |