Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2025-жылдын 23-сентябры № 1152/1
“Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин системасындагы коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин системасында коррупцияга каршы чараларды актуалдаштыруу жана коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу” токтомдоруна ылайык, буйрук кылам:
1. Ушул буйрукка тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин системасындагы Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери бекитилген Тизменин жоболорунун сакталышын жана ишке ашырылышын туруктуу негизде камсыз кылышсын.
3. Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө:
1) үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
2) күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо өзүмө калтырамын.
6. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күндөн кийин күчүнө кирет.
Министр Д.Ш. Кендирбаева
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин
системасындагы коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги
№ | Мамлекеттик органдын функциясы (ыйгарым укуктары)
| Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар
| Коррупциялык тобокелдиктин категориясы: системалуу (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык | Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (төмөн, орто, жогорку) | Түзүмдүк бөлүмдүн (борбордук аппараттын, аймактык же ведомстволук бөлүмдүн, мекеменин) аталышы | Коррупциялык тобокелдикке кабылган кызмат орундары | Башка мамлекеттик органдарда/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктин пайда болушу мүмкүнбү (ооба болсо, кайсы экенин көрсөтүңүз) |
1 | Жалпы башталгыч, жалпы негизги, жалпы орто, мектепке чейинки жана кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу юридикалык жактардын билим берүү ишин лицензиялоону жүзөгө ашыруу | Лицензия берүүдөн негизсиз баш тартуу, айрым талапкерлердин кызыкчылыктарын лоббирлөө. | Ситуациялык | Жогорку | Аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмү | Жетекчи, башкы адис, жетектөөчү адис, адис, ошондой эле комиссиянын мүчөлөрү | Бул тобокелдик текшерүү комиссияларынын курамына кирген адамдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
2 | Билим берүү системасын инфраструктуралык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө контракттарды түзүү, инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун коштоо чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруу. Билим берүү объекттеринин курулушуна мониторинг жүргүзүү | Товарларды кабыл алууда жөнөтүүчүлөр менен түздөн-түз байланышта болгон учурда макулдашуу мүмкүнчүлүгү Кызыкчылыктардын кагылышы Фактыларды бурмалоо Бюджетти натыйжасыз пландаштыруу жана сатып алуу жол-жоболору | Ситуациялык | Жогорку | Инфраструктура жана сатып алуулар мамлекеттик башкармалыгы Инфраструктура жана сатып алуулар бөлүмү Инвестициялар жана МЖӨ сектору | Башчы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис. Сатып алуулар боюнча комиссиянын мүчөлөрү | Бул тобокелдик мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ишмердикке жана товарларды жеткирүүгө контракттарды түзүүгө тиешелүү болушу мүмкүн, жумуштар жана кызматтар |
3 | Окуу китептерин жана/же ОУКту иштеп чыгуу, басып чыгаруу жана ишке киргизүү ОУКтун кол жазмаларын экспертизалоо | Кызмат адамдары жана үчүнчү жактар менен түздөн-түз байланышта болгон учурда макулдашуу мүмкүнчүлүгү. Окуу китептеринин кол жазмаларын иштеп чыгууда жана экспертизалоодо кызыкчылыктардын кагылышы | Ситуациялык | Жогорку | Мектептик билим берүү башкармалыгы(КБА, ММ “Окуу китеби”) | Башчы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис (ММ “Окуу китеби” директору, эксперттер) | Бул тобокелдиктер Окуу китебинин ишине, ошондой эле окуу китептерин жана/же ОУКту иштеп чыгууга, басып чыгарууга жана колдонууга киргизүүгө тиешелүү болушу мүмкүн Окуу-усулдук комплекстин кол жазмаларын экспертизалоо |
4 | Кесиптик башталгыч билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу процессинде өнүгүүнү контролдоону жана болжолдоону жүзөгө ашыруу | Билим берүү жаатындагы ЧУАны сактоо боюнча билим берүү ишин негизсиз текшерүү, кабыл алуу планын макулдашуудан негизсиз баш тартуу Билим берүү жаатындагы ЧУАны сактоо боюнча билим берүү ишин негизсиз текшерүү | Ситуациялык | Орто | Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы | Башчы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис | Бул тобокелдиктер баштапкы кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү ишмердикке тиешелүү болушу мүмкүн |
5 | Мектептик билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу процессинде өнүгүүнү контролдоону жана болжолдоону жүзөгө ашыруу | Билим берүү жаатындагы ЧУАны сактоо боюнча билим берүү ишин негизсиз текшерүү | Ситуациялык | Жогору | Мектептеги билим берүү башкармалыгы | Башчы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис | Бул тобокелдиктер мектептеги билим берүү чөйрөсүндөгү иш-аракеттерге тиешелүү болушу мүмкүн |
6 | Номенклатурага ылайык кадр саясатын жүргүзүүнү көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу. Мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү үчүн документтерди кабыл алуу, текшерүү жана тариздөө | Түзүмдүк жана аймактык бөлүнүштөрдүн кадр саясатын негизсиз контролдоо. Мамлекеттик сыйлыктарга карата өкүлчүлүктүү документтерди каттоодон негизсиз баш тартуу | Ситуациялык | Орто | Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү | Жетекчи, башкы адис, жетектөөчү адис, адис | Бул тобокелдиктер адам ресурстарын башкаруу иш-аракеттерине тиешелүү болушу мүмкүн |
7 | Билим берүүнүн, илимдин ведомстволук уюмдарын, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) аппараттарын каржылоо-райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрү (башкармалыктары) аркылуу, билим берүү системасынын уюмдарына бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелерди, бюджеттен тышкаркы каражаттарды каржылоону эсепке алуу (атайын счет) | Каржылануучу каражаттардын максаттуу пайдаланылышына талаптагыдай эмес контроль Каржылоону тездетүү же жайлатуу мүмкүнчүлүгү Редакциялоо мүмкүнчүлүгү (суммаларды өзгөртүү) | Ситуациялык | Орто | Бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгы | Башчы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис | Бул тобокелдиктер бюджеттик саясат жана финансылык талдоо чөйрөсүндөгү иш-аракеттерге тиешелүү болушу мүмкүн |
8 | Борбордук аппараттын финансылык-чарбалык иши жөнүндө толук жана ишенимдүү маалыматтарды түзүү | Фактылык маалыматтарды бурмалоо мүмкүнчүлүгү. Каржылануучу каражаттардын максаттуу пайдаланылышына талаптагыдай эмес контроль | Ситуациялык | Орто | Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмү | Жетекчи, башкы адис, жетектөөчү адис, адис | Бул тобокелдиктер бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук иш-аракеттерине тиешелүү болушу мүмкүн |
9 | Билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө мамлекеттер аралык жана ведомстволор аралык макулдашуулардын жана келишимдердин алкагында Кыргызстандын жарандарын чет мамлекеттердин билим берүү уюмдарына окууга сунуштоо жана жиберүү боюнча иштерди уюштуруу | Жеке кызыкчылыктардын болушу (кызыкчылыктардын кагылышы, лоббизм) | Ситуациялык | Төмөн | Эл аралык кызматташтык сектору | Жетекчи, башкы адис, жетектөөчү адис, адис | Бул тобокелдиктер эл аралык кызматташтык жана өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү чөйрөсүндөгү иштерге тиешелүү болушу мүмкүн |
10 | ЧУА долбоорлорун иштеп чыгууда жана юридикалык экспертизалоодо көзөмөлдү ишке ашыруу | ЧУА долбоорлорун иштеп чыгууда жана экспертизалоодо кызыкчылыктардын кагылышуусу | Ситуациялык | Орто | Укуктук камсыздоо бөлүмү | Жетекчи, башкы адис, жетектөөчү адис, адис | Бул тобокелдиктер ЧУА долбоорлорун иштеп чыгууда жана юридикалык экспертизалоодо укуктук камсыздоо чөйрөсүндөгү ишке кириши мүмкүн |
11 | Мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкаркы билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты болжолдоо жана андан ары ишке ашыруу процесстерине көмөктөшүү | Кызыкчылыктардын кагылышуусу, бюджетти жана сатып алуу жол-жоболорун натыйжасыз пландаштыруу, ишке тиешелүү мониторингдин жоктугу | Ситуациялык | Жогору | Министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү (шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрү) | Башчы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис. | Бул тобокелдиктер шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн, ошондой эле Бишкек шаардык билим берүү департаментинин жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
12 | Билим берүү системасын, анын ичинде мектепке чейинки, жалпы, баштапкы кесиптик жана кошумча билим берүүнү санариптик трансформациялоонун стратегиялык багыттары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | Билим берүү системасын санариптик трансформациялоонун стратегиялык багыттарын программалык камсыздоону иштеп чыгууда жеке кызыкчылыктардын болушу | Ситуациялык | Орто | Санариптик трансформация бөлүмү | Жетекчи, башкы адис, жетектөөчү адис, адис | Бул тобокелдиктер билим берүү тутумунун программалык камсыздоосун иштеп чыгууда пайда болушу мүмкүн |
13 | Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу процессинде өнүгүүнү контролдоону жана болжолдоону жүзөгө ашыруу | Билим берүү жаатындагы ЧУАны сактоо боюнча билим берүү ишин негизсиз текшерүү | Ситуациялык | Жогору | Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы | Башчы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис | Бул тобокелдиктер мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү иш-аракеттерге тиешелүү болушу мүмкүн |