Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-октябрындагы № 53
Айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу, ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүү жана жер комиссиясынын курамын жана старттык баасын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган, 2021-жылдын 17-декабрь № 309 токтомунун редакциясына ылайык “Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шартары жана тартиби тууралуу” типтүү жобонун негизинде жана айыл, суу чарба, экология, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезексиз XV отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аукционду өткөрүү үчүн төмөндөгүдөй жер комиссиясынын курамы бекитилсин.
Кайкыев Анвар айылдык кеңештин айыл, суу чарба, экология, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы.
Усенов Баяман айылдык кеңештин депутаты- комиссиянын мүчөсү.
Акишов Рашид айылдык кеңештин депутаты- комиссиянын мүчөсү.
Бекиев Абдылда айыл аймагынын башчысынын орун басары- комиссиянын мүчөсү.
Капазов Шергазы Өзгөн РАӨБ нын өкүлү - комиссиянын мүчөсү.
Осмонов Замир айыл аймагынын жер адиси - комиссиянын мүчөсү.
Сопуев Кубанычбек айыл аймагынын жооптуу катчысы – комиссиянын катчысы.
2. Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу айыл чарба жерлерин Мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында аукцион өткөрүү күндөрү төмөндөгүдөй тартипте белгиленсин.
Кызыл-Сеңир Кочкор-Ата Лесхоз жана Гүзар айылдарында 2022-жылдын 07-ноябрь
Кызыл-Октябрь Эски-Покровка жана Алга айылдарында 2022-жылдын 08-ноябрь күндөрү
3. Аукционду төмөндөгү өлчөмдөрдүн негизинде өткөрүү сунушталгандыгы белгиленсин.
-Аукционго катышуу үчүн кепилдик төлөмдөрдүн өлчөмү:
Суугат жер үчүн – 1000 сом:
Шартуу сугат жана кайракы жер үчүн – 500 сом:
-Баштапкы ижара акысынын өлчөмү:
Сугат жер үчүн – 2500 сом:
Шартуу сугат жер үчүн -1500 сом:
Кайракы жер үчүн – 1200 сом:
-Аукциондун арымы (шаг):
Сугат жер үчүн – 250 сом:
Шартуу сугат жер үчүн -150 сом:
Кайракы жер үчүн – 100 сом:
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл,суу чарба, экология,турак жай жана өнөр жай, курулуш,жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: | Г.Токтомуратова |