Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-октябрындагы № 54
Калкка турак жай куруу үчүн берилүүчү жер аянттарын белгилеп берүү жөнүндө
Калктын турак жайга болгон муктаждыктарын чечүү максатында, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русландын баяндамасын жана айыл, суу чарба, экология, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезексиз XV отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калктын турак жайга болгон муктаждыктарын чечүү максатында, турак жайга бөлүштүрүлгөн жерлердин тартыштыгына байланыштуу ар бир участоктун өлчөмүн 0,06 сотыхтан деп бекитилсин.
2. Мыйзамдын талаптарына ылайык жер тилкелерин ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русланга милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, экология, турак жай жана өнөр жай, курулуш,жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: | Г.Токтомуратова |