Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-октябрындагы № 55
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын 2022-2026 – жылдарга карата туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык планына кошумча киргизүү жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44 жана 50- беренелерине ылайык, айыл аймагынын 2022-2026- жылдарга карата туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык планына Кызыл-Сенир айылынын жаштарынын өнүгүү планын кошуп бекитип берүү жөнүндөгү “Кызыл-Сенир ТКАИАнын” төрагасы Полотов Мунарбектин баяндамасын угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезексиз XV отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл аймагынын 2022-2026- жылдарга карата туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык планына Кызыл-Сенир айылынын жаштарынын өнүгүү планы кошуп бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт,дин,тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: | Г.Токтомуратова |