Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-октябрындагы № 56
Кочкор-Ата айылындагы Сай участкасындагы сары ташты иштетүү үчүн “Интерконстракт” ЖЧК ишканасынын тийиштүү иш кагаздарын жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши “Интерконстракт” ЖЧКсына Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Кочкор-Ата айылында жайгашкан Сай участкасынан үлүл тектүү таш (известняк-ракушечник) казып иштетүү максатында. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан берилген № 7104 ТЕ лицензиясынын негизинде 3,9 га жер аянтын иштетүүгө макулдук берүү боюнча сунушун карап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктунун 1 жана 23 под пункуттарына ылайык Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезексиз XV отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Интерконстракт” ЖЧКсына Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Кочкор-Ата айылында жайгашкан Сай участкасынан үлүл тектүү таш (известняк-ракушечник) казып иштетүү максатында. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан берилген № 7104 ТЕ лицензиясынын негизинде 3,9 га жер аянтын иштетүүгө макулдук берилсин.
2. “Интерконстракт”.ЖЧКсы менен түзүлгөн соц. пакеттин аткарылышы мыйзам чегинде келишимдин негизинде жүргүзүлүп, алымча кошумча форс мажор учурлары менен эске алынсын.
3. Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл,суу чарба, экология,турак жай жана өнөр жай, курулуш,жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: | Г.Токтомуратова |