Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-октябрындагы № 57
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 10-пунктуна жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамынын 52-беренесинин 8-пунктуна ылайык Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII чакырылышынын билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт,дин,тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин XV отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 10-пунктуна жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамынын 52-беренесинин 8-пунктуна ылайык Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаты Маткасымов Маратбек Абибуллаевич (жүйөлүү себебтерсиз жергиликтүү кеңештин отурумдарына бир жыл ичинде төрт жолудан ашык келбегенде) депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт,дин,тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: | Г.Токтомуратова |