Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-октябрындагы № 58
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн Эски-Покровка айылынын көчөлөрүнүн бирине Абитов Эсенгелдинин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Эски-Покровка айылынын тургундарынын 2022-жылдын 27-октябрындагы элдик жыйындын протоколун жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт,дин,тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезексиз XV отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Эски-Покровка айылынын К.Сайпидинов көчөсүнүн кесилишиндеги К. Маматов көчөсүнүн сол жак ички көчөсүндөгү Ганыбаева Кларанын үйүнөн баштап Карыбеков Кубанычтын үйүнө чейинки жолго Абитов Эсеналинин ысмын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу жагы Эски-Покровка айылынын айыл башчысы М. Аматовко жана уул кыздарына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт,дин,тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: | Г.Токтомуратова |