Редакцияот 03.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы

 

2024-жылдын 3-апрели № 11

 

“Кара-Шоро айыл аймагынын ички жайыттарына сырттан мал

алып кирүүгө тыюу салуу жөнүндө”

 

                Кара-Шоро айылдык Кеңеши Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевтин, айылдардагы жалпы элдик чогулуштарында талкууланган ички жайытка сырттан мал алып кирүүгө тыюу салуу сунушун талкуулап

 

Токтом кылат

 

1. Кара-Шоро айыл аймагынын башчысы Р.Сатыбалдыевтин, Кара-Шоро айыл аймагынын ички жайыттарына сырттан мал жандыктарын алып кирүүгө тыюу салуу сунушу бекитилсин.

2. Ушул токтомдун 1- пунктундагы чечимди аткарбаган учурда, шарттуу мал башына 1000 (миң) сом өлчөмүндө айып пул өндүрүлсүн.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Р.Сатыбалдыевке милдеттендирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Айыл чарбачылыгы боюнча “туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. 

 

 

Төрага:

 

Турдали у К.