Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-октябрындагы № 59
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн Эски-Покровка айылынын көчөлөрүнүн бирине Талипов Сатабайдын ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Эски-Покровка айылынын тургундарынын 2022-жылдын 27-октябрындагы элдик жыйындын протоколун жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт,дин,тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезексиз XV отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Эски-Покровка айылынын Ө.Акматов көчөсүнүн кесилишиндеги ички көчөдөн баштап бостон каналына чейин Талипов Сатабайдын ысмын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу жагы Эски-Покровка айылынын айыл башчысы М. Аматовка жана уул кыздарына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт,дин,тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: | Г.Токтомуратова |