КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 3-апрели № 16
“Таштанды таштоочу жай курууга, жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө”
Кара-Шоро айылдык кеңеши Кара-Шоро айыл аймагынын тургундарынын суроо талабын аткаруу максатында, Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевтин сунушун угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик админстрациясынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34- беренесинин 5- пунктун жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Жар айылынын чыгыш тарабындагы Катыраңкы участкасынын ички жайытындагы № 226- контурунан таштанды таштоочу жай куруу максатында 2га жер аянты бөлүнүп берилүүсүнө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Р.Сатыбалдыевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Шоро айылдык кеңешинин “социалдык маселелер, жана билим берүү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Турдали у К. |