Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара- Шоро айылдык кеңешинин кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 22
“Өзгөн көмүр” ЖЧК ишканасына көүр кенин казуу иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кара-шоро айылдык кеңеши Кара-Шоро айыл аймагына тиешелүү Тармал участкасынан көмүр кенин казуу иштерин жүргүзүүгө “Өзгөн көмүр” ЖЧК ишканасына макулдук берүү боюнча маселени карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Өзгөн көмүр” ЖЧК ишканасына 7267 СЕ лицензиясынын негизинде Кара-Шоро айыл аймагынын Тармал участкасынан көмүр кенин казуу иштерин жүргүзүүгө макулдук берилсин.
2. Келишим түзүү жагы айылдык кеңештин депутаттары менен биргеликте, Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевке милдеттендирилсин.
3. “Өзгөн көмүр” ЖЧК ишканасына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш иш алып баруу жана рекултуациялык иштерди жүргүзүү, башка төлөмдөрдү өз убагында төлөө жагы милдетендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбачылыгы боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Турдали у К. |