Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-октябрындагы № 61
2017-жылдын 30-апрелиндеги VI чакырылышынын VI отурумундагы № 20 токтомго толуктоо киргизүү жөнүндө
Өзгөн районунда болуп өткөн өзгөчө кырдаалга байланыштуу, жабыр тарткан жарандарга көп жылдык бак дарак жерлерден жана Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн элинин турак жайга болгон муктаждыктарын чечүү максатында, кайракы чөп ормо жер аянттарынан жергиликтүү элдердин суроо талаптарын эске алуу менен Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, экология, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезексиз XV отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеке турак жай салуу үчүн айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун Кызыл-Октябрь айылынын Жаман-Адыр участкасындагы көп жылдык бак дарак жер аянттарынан:
- 106 контур 40,4 га
- 106 контур 16,7 га
- 110 контур 2,5 га
- 109 контур 10,7 га
- 105 контур 9,3 га
- 167 контур 3,4 га
Баардыгы: 83,0 га.
2. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун кайрак айдоо жерлеринен
- Кочкор-Ата айылынын Кара-Таш участкасындагы № 1225 контурдан 22,1 га.
Баардыгы болуп 105,1 га жер тилкеси “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына трансформациялоого макулдук берилсин.
3. Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, “Кадастр”мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан тиешелүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы жана мамлекеттик каттоого алуу, трансформация болгондон кийин жер балансасына өзгөртүү киргизүү жагы суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, экология, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: |
| Г.Токтомуратова |