Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-декабрындагы № 62
Кызыл-Октябрь айыл өкмөт башчысынын 2022-жылда аткарылган иштери жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл өкмөт башчысы Талантбек уулу Русландын 2022-жылда айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана белгиленген бюджеттин аткарылышында ФЭБ башчысынын башкы-эсепчинин милдетин убактылуу аткаруучу А. Абдуллаевтин отчётторун угуп, финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер, жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун, берилген материалдарды карап угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезектеги XVI отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысынын 2022-жылда айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө, жана белгиленген бюджеттин аткарылышында ФЭБ башчысынын башкы-эсепчинин милдетин убактылуу аткаруучунун аткарган иштери канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн ишинин негизги багыты бюджетти көтөрүү, чет өлкөлүк инвесторлор (АРИС, ЮСАИД, ПРООН ж.б) менен тыгыз кызматташып долбоорлорду ишке ашыруу максатындагы уюштуруу иштерин жүргүзсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| К.Арапов |