Редакцияот 09.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз XI сессиясы

 

2025-жылдын 9-сентябрь  №11-1

 

 

Ат-Башы айылынын “Улан-2” жаңы конушундагы 2 (эки) га жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКна мөөнөтсүз пайдаланууга

өткөрүп берүү жөнүндө

                                                       

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы №10 “Мамлекеттик турак жай  саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги №126-т “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна жер участокторун өткөрүп берүү жөнүндө” тескемесине жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 22-июлундагы №01-13/2544 сунушуна ылайыкжергиликтүү тургундарды турак жай менен камсыз кылуу максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Ат-Башы айылынын “Улан-2” жаңы конушунда жайгашкан жалпы аянты 2 (эки) гектар болгон жер тилкеси “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна (ААК) көп кабаттуу турак жай куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин;

 

2.    Жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин пайдалануу учурунда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары так сакталышы шарт.

 

3.    Ат-Башы айыл аймагынын айыл  өкмөтү ушул токтомдун негизинде тиешелүү документтерди даярдап, жерди пайдаланууга өткөрүп берүү иштерин уюштурсун;

 

4.    Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-августундагы “Ат-Башы айылынын “Улан-2” жаңы конушундагы 3,82 га жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКна мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндөгү” №11-3 токтому жокко чыгарылсын;

 

5.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Докоевге жүктөлсүн.

 

 

 

   

Тѳрага

У.  Мелис уулу