Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-декабрындагы № 64
Лесхоз айылынын тургуну Сулайманов Казыбектин жеке менчик үйүнүн багытын өзгөртүп мечит курууга макулдук берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Лесхоз айылынын тургуну Сулайманов Казыбектин жеке менчик үйүн Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русландын маалыматын угуп таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезектеги XVI отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Лесхоз айылынын тургуну Сулайманов Казыбектин жеке менчик үйүнү Мамлекеттик кадастр мекемесинин Өзгөн филиалынын 2022-жылдын 23-ноябрындагы Тартылоо Келишиминин негизинде Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөрүп алууга, багытын өзгөртүүгө жана ордуна мечит курууга макулдук берилсин.
2. Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русланга милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, экология, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| К.Арапов |