Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-декабрындагы № 65
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сеңир айылында жайгашкан “Ширин-Апа” балдар бакчасынын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь өкмөтүнүн Кызыл-Сеңир айылында жайгашкан “Ширин-Апа” балдар бакчасынын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө маселени айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русландын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезектеги XVI отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин түрткү берүүчү гранттын эсебинен Кызыл-Сеңир айылында жайгашкан “Ширин-Апа” балдар бакчасынын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү демилгесин долбоордун смета баасы 3751244 (үч миллион жети жүз элүү бир миң эки жүз кырк төрт) сом колдоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен суралсын.
2. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин түрткү берүүчү гранттын эсебинен “Ширин-Апа” балдар бакчасынын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн, 2023-жыл үчүн жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча сметада акча каражаты каралгандыгы (“ж.б. чыгымдар” статьясынын имаратты кезектеги ремонт иштери, имаратты оң абалда кармоо, ар түрдүү долбоорлорду, демилгелерди колдоо ж.б. пункту боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин түрткү берүүчү гранттын эсебинен “Ширин-Апа” балдар бакчасынын имараттын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн үлүштүк бөлүгү, же 810 000 (сегиз жүз он миң) сом жергиликтүү бюджеттен каржылансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы финансы, бюдждет, салык, экономикалык маселелер, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына, жана айыл өкмөт башчысы Талантбек уулу Русланга жүктөлсүн.
Төрага: |
| К.Арапов |