Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-декабрындагы № 66
Кызыл-Сеңир айылынын тургуну Мамазакиров Мамадалинин жеке менчик турак жайына мечит курулгандыгына байланыштуу, ордуна башка жерден жер аянтын берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русландын Кызыл-Сеңир айылынын тургуну Мамазакиров Мамадалинин жеке менчит турак жайына мечит курулгандыгына байланыштуу, ордуна башка жерден жер аянтын берүү жөнүндөгү маалыматын жана сунушун угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезектеги XVI отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн турак жай салууга бөлүнгөн жерлерден муктаждыгын эске алуу менен турак жай салууга жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русланга милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, экология, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Арапов |