Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-декабрындагы № 67
Куршап айылынын тургуну Мадымаров Айбектин жеке менчик жерине мал сойулуучу жайы курулгандыгына байланыштуу, ордуна башка жерден жер аянтын берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русландын Куршап айылынын тургуну Мадымаров Айбектин Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү тарабынан берилген жеке менчик жерине мал сойулуучу жайынын ордун бузуп, элдердин өтүүсүнө жол салууга муктаждыгын ордуна башка жерден жер аянтын берүү жөнүндөгү маалыматын жана сунушун угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезектеги XVI отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн турак жай салууга бөлүнгөн жерлерден муктаждыгын эске алуу менен турак жай салууга жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русланга милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, экология, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Арапов |