Редакцияот 09.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз XI сессиясы

 

2025-жылдын 9-сентябрь  №11-3 

 

Ат-Башы айыл аймагында тынчтыкты сактоо боюнча чаралар жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, жарандардын бейпилдигин жана тынчтыгын камсыз кылуу максатында, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Ат-Башы айыл аймагында төмөнкү убакыт аралыктарында ызы-чууну жараткан аракеттерге тыюу салынсын:  - жумуш күндөрү саат 22:00дөн – 07:00гө чейин;    - эс алуу күндөрү саат 22:00дөн – 09:00гө чейин.

 

2.    Тыюу салынган аракеттер катары төмөнкүлөр белгиленсин:

   - телевизорлорду, радиокабылдагычтарды, үн күчөткүчтөрдү жана башка түзүлүштөрдү колдонуп ызы-чуунун ченемден ашкан деңгээлин чыгаруу;

- музыкалык аспаптарда ойноо, ырдоо, кыйкырып-өкүрүп ызы-чуу чыгаруу; - коомдук жайларда, соода түйүндөрүндө жана коомдук тамактануу жайларында үндүн деңгээлин жогорулатуу.

 

3.    Бул токтомдун талаптарын бузган жарандар Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» Кодексине ылайык административдик жоопкерчиликке тартылары эскертилсин.

 

4.    Ат-Башы айыл өкмөтүнө жана тиешелүү мекемелерге ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу тапшырылсын.

 

Тѳрага

У.  Мелис уулу