Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-декабрындагы № 68
2023-жылга карата айыл чарба багытындагы эмес жер салыгына КЗ-1,2 зоналдык коэффициент жана тамарка салыгы боюнча 1,0 зоналдык коэфициентти бекитүү жөнүндө
2023-жылга карата айыл чарба багытындагы эмес жер салыгына КЗ-1,2 зоналдык коэффициент жана тамарка салыгы боюнча 1,0 зоналдык коэфициентти бекитүү жө- нүндөгү Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн киреше жыйындар боюнча башкы адис Түрков Базарбайдын маалыматын угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезектеги XVI отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 404-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык 2023-жылга карата айыл чарба багытындагы эмес жер салыгына КЗ-1,2 зоналдык коэфициенти жана тамарка салыгы боюнча 1,0 зоналдык коэфициентти бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Арапов |