Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-декабрындагы № 69
2018-жылдын 25-декабрындагы VI чакырылыштын кезектеги XX отурумунун № 73 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русландын Кызыл-Сеңир үрөөнчүлүк чарбасына тиешелүү мүлктөрүн Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөрүп алуу боюнча маалыматын жана сунушун угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезектеги XVI отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Сеңир үрөөнчүлүк чарбасына тиешелүү болгон мүлктөрүн Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русланга Өзгөн райондук айыл чарба өнүктүрүү башкармалыгы менен биргеликте Кызыл-Сеңир үрөөнчүлүк чарбасына тиешелүү болгон мүлктөрүн өткөрүп алуу боюнча биргелешкен комиссия түзүп мыйзам чегинде иш-чара жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, экология, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Арапов |