ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы
2023-жылдын 22-августундагы № 19-2
Төөлөс айылдык кеңештин аймагындагы мектептердеги, балдар бакчаларындагы окуу тарбия иштеринин абалы жөнүндө
Төөлөс айылдык кеңештин аймагындагы мектептердеги, балдар бакчаларындагы билим денгээлин жогорулатууну камсыз кылуу, тарбиялык иштеринин сапатына көнүл бөлүп, аны чындоо максатында
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Төөлөс айылдык кеңештин аймагындагы мектептердеги, балдар бакчаларындагы окуу тарбия иштеринин абалы жөнүндөгү туруктуу комиссиянын төрайымы Н. Бакированын билдирүүсү эске алынсын
2. Төөлөс айылдык кеңештин аймагындагы мектептердеги, балдар бакчаларындагы окуу тарбия иштеринин дайыма жогорку денгээлде уюштурууну камсыз кылуу мектеп директорлоруна жана балдар бакчалардын жетекчилерине сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу айылдык кеңештин “Билим берүү жана саламаттыкты сактоо ” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы: | З. Жороев |