Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айылдык кеңешинин кезектеги XVII сессиясы
2024-жылдын 9-августундагы №8
«Жоопкерчилиги чектелген коом “Нуртелекомго” Кыз-Көл айыл аймагынын Чымчык-Жар айылындагы мамлекеттик менчикте турган жерден 16м2 жерди ижарага берүү жөнүндө»
Жоопкерчилиги чектелген коом “Нуртелекомго” Кыз-Көл аймагынын Чымчык-Жар айылындагы мамлекеттин менчигинде турган жерден 16м 2 жерди ижарага берүү боюнча карап, талкуулап чыгып, Кыз-Көл айылдык кеңешинин кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жоопкерчилиги чектелген коом “Нуртелекомго” Кыз-Көл аймагынын Чымчык-Жар айылындагы мамлекеттин менчигинде турган жерден 16м 2 жер ижарага берилсин.
2.Ижара төлөмү жана ижарага берүү шарттары боюнча Кыз-Көл айыл аймагынын өкмөтү Жоопкерчилиги чектелген коом “Нуртелеком” менен келишим түзүлсүн.
3.Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик
реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөттүн башчысы Т.Бобошевке жүктөлсүн.
Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Кушбаков |