Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз XI сессиясынын
2024-жылдын 13-сентябрындагы №4
«Көбөйтүлгөн акча каражаты жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 28-беренесинин 6 пунктуна Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бухгалтери М.Курбанбаевтин маалыматтын угуп жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 11.08.2023-жылдагы №179 “Билим берүү мыйзамынын” 28- беренесинин 6-пунктуна ылайык айыл өкмөтүнө караштуу балдар баракчасында тарбияланып жаткан балдардын тамак ашы үчүн ата-энелер чогулушунун протоколунун негизинде атайын каражаттын планы 740 500 (жети жүз кырк миң беш жүз) сомго көбөйтүлсүн жана анын чыгымы 2218 беренесиндеги тамак чыгымдарына багытталсын.
2.2024-жылга бекитилген чыгымдарга өзгөртүү киргизүү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы И.Маматовго жүктөлсүн.
3.Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын айыл өкмөтунун башчысы Т.Бобошевке жүктөлсүн.
Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Кушбаков |