Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз XI сессиясынын
2024-жылдын 13-сентябрындагы №5
«Чыгашаларды өзгөртүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин” 109-беренелерине ылайык бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү үчүн Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 28-беренесине ылайык балдар бакчаларындагы балдардын тамак-аш чыгымдары ата-энелер же алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан төлөнүшү белгиленгендигине байланыштуу,2024-жылдын январь айынан жыл акырына чейин жергиликтүү бюджеттен каралган 602798 (алты жүз эки миң жети жүз токсон сегиз) сом акча каражаты бюджеттен, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109-беренелерине ылайык өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларына керектүү жабдыктарды алууга төмөнкүчө жылдырылсын.
2.Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Жетиген” Балдар бакчасынына керектелүүчү буюмдарды сатып алуу үчүн, жергиликтүү бюджеттинин 2222 беренесинен 30 000(отуз миң) сом акча каражаты жана 3112 беренесинен 88 798 (сексен сегиз миң жети жүз токсон сегиз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3.Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу“Жоогазын” балдар бакчасына керектелүүчү буюмдарды сатып алуу үчүн, жергиликтүү бюджеттинин 2222 беренесинен 145 000 (бир жүз кырк беш миң) сом акча каражаты жана 3112 беренесинен 72 000(жетимиш эки миң)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4.Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Айкөл бир” балдар бакчасына керектелүүчү буюмдарды сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттинин 2222 беренесинен77 927(жетимиш жети миң тогуз жүз жыйырма жети)сом акча каражаты жана 3112 беренесинен 21 073(жыйырма бир миң жетимиш үч) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
5.Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Күн-балдары бир” балдар бакчасына керектелүүчү буюмдарды сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттинин 2222 беренесинен 90 000(токсон миң) сом акча каражаты жана 3112 беренесинен 78 000 (жетимиш сегиз миң ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
6.Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы И.Маматовго
жүктөлсүн.
7.Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
8.Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
9. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөтунун башчысы Т.Бобошевке жүктөлсүн.
Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Кушбаков |