Редакцияот 16.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз жыйырма үчүнчү сессиясы

 

 

2023-жылдын 16-ноябрындагы № 23-1

Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджети жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүмүнө бирдиктүү салыктын эсебинен республикалык бюджеттен келип түшкөн акча каражаты жөнүндө

Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше чыгаша булактары жөнүндөгү маселени айылдык кеңештин “ Экономика, бюджет соода жана ишкердүүлүк” боюнча турукту коммисиясында карап, угуп жана талкуулап

Токтом кылат

 

1 Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бирдиктүү салыктын компенсация катары келип түшкөн 522,1(беш жүз жыйырма эки мин бир жүз) сом акча каражаты планга кошумча киргизилсин. (№1 тиркеме тиркелет)

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго жана айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Тешебаевага милдеттендирилсин.

3. Токтомудун аткарылышын жетекчиликке алуу айылдык кеңештин “Экономика, бюджет соода жана ишкердүүлүк ” боюнча туруктуу коммиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы:

З. Жороев