Редакцияот 20.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЖОМКУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН

ТОКТОМУ

2025-жылдын 20-августу № 01-5/38

 

"Айыл өкмөтүнө техника алуу жөнүндө"

Кожомкул айыл амагынын айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” тарабынан лизингке кызматтык автоунаа “Шевролет-треккер” лизинг аркылуу алуу максатында, Кожомкул айылдык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кожомкул айыл аймагынын айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” тарабынан лизингке кызматтык автоунаа “Шевролет-треккер” алынсын.

2. Алынган автоунааларды лизингдин бүткүл мезгилине камсыздандыруу жана лизингке алынган техникаларын өз эсебинен башка чыгашалардын акча каражаты каралсын.

3. Кызматтык автоунаанын төлмөмдөрү 5 жыл аралыгында төлөө жагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүп берилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө Кожомкул айыл өкмөтүнүн башчысы Урматов М.Ш. милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Мураталиев У.М.