Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 12-июну № 468-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүзөгө ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2024-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин жана үчүнчү тараптын (үчүнчү тараптардын) бажы транзитинин бирдиктүү системасы жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы № 468-т тескемеси менен жактырылган |
2024-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин жана үчүнчү тараптын (үчүнчү тараптардын) бажы транзитинин бирдиктүү системасы жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2024-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин жана үчүнчү тараптын (үчүнчү тараптардын) бажы транзитинин бирдиктүү системасы жөнүндө макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу Макулдашууну ратификациялоо үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында даярдалган.
Макулдашуу Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - Бирлик) жана үчүнчү тараптын (үчүнчү тараптардын) бажы транзитинин бирдиктүү системасынын иштешинин негизги принциптерин аныктайт.
Макулдашуу контролдоочу органдардын иш-аракеттерин минималдаштыруу аркылуу, ошондой эле ташуучулардын кошумча чыгымдарын кыскартуу жолу менен ташуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө жана оптималдаштырууга мүмкүндүк берет, булар төмөнкүлөрдүн эсебинен жетишилет:
электрондук документ түрүндө бирдиктүү транзиттик декларацияны колдонуу;
бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттерди аткаруунун бирдиктүү камсыздоосун пайдалануу;
мүчө мамлекеттердин жана үчүнчү тараптын (үчүнчү тараптардын) ыйгарым укуктуу экономикалык операторлоруна берилүүчү айрым атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонуу;
Бирликтин бажы аймагы жана үчүнчү тараптын (үчүнчү тараптардын) бажы аймагы боюнча бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык ташып өткөрүлүүчү (ташылуучу) товарлардын бардык жүрүү жолдорунда товарларды ташууну көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу;
бажы органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерди жана бажы контролун жүргүзүүнүн натыйжаларын Бирликтин үчүнчү тарап (үчүнчү тараптар) менен Бирликтин жана үчүнчү тараптын (үчүнчү тараптардын) бажы транзитинин бирдиктүү системасы жөнүндө эл аралык келишиминин жоболорун эске алуу менен өз ара таануу жана аларды бажы органдарына жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн гана пайдалануу.
Макулдашуунун долбоору Евразия экономикалык кеңешинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 38 буйругу менен жактырылган.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуунун долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети (2024-жылдын 23-январындагы № 6-751/24) жана Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети (2024-жылдын 30-январындагы № 6-999/24) менен макулдашылган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-февралындагы № 75-т тескемеси менен жактырылган.
Макулдашууга ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары 2024-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйналышында кол коюшкан.
Сунушталган Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине жана башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге карама-каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12-беренелерине ылайык Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Макулдашууну ратификациялоо социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге, ошондой эле финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.