Загрузка документа…
КОЖОМКУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-августу № 01-5/40
"Кожомкул айыл аймагында “Тынчтык жөнундө” мыйзамын ишке ашыруу жөнундө"
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-октябрындагы № 194 «Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 54 Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө №54 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кожомкул айылдык кеңеши:
Токтом кылат:
1. Кожомкул айыл аймагында төмөнкү убакыт аралыгында үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол бербөө үчүн тийиштуу чаралар көрүлсүн;
- жумуш кундөрү - саат 22:00ден 07:00ге чейин
- дем алыш жана майрам күндөрү - саат 22:00 ден 09:00ге чейин;
2. Кожомкул айыл аймагынын арасында жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдардын талаптарын сактоого, түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Ушул Мыйзамдын ченемдерин бузуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке алып келүүсү эске алынсын.
4. Мыйзам бузуулар катталган учурда тийиштүү админитративдик чаралар көрүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы М.Ш.Урматовга жүктөлсүн.
Төрага |
| Мураталиев У.М. |