Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2025-жылдын 30-сентябры № 848-т
"Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коомунун түзүмүнө кирген региондук аэропорттордун инфраструктурасын андан ары өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-декабрындагы № 600-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбулада "Манас" эл аралык аэропорту" деген сөздөр "Кыргызстан аэропорттору" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик "Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коомунун тиешелүү башкаруу органдарынын кароосуна төмөнкүлөр тууралуу сунуштарды киргизсин:
1) 2026-жылдын 1-январынан тартып эл аралык аба жолдору боюнча "Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коомунун эл аралык аэропортторунан учкан ар бир жүргүнчүдөн 20 (жыйырма) АКШ доллары өлчөмүндө аэропорттук жыйымды белгилөө;
2) "Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коомунун түзүмүнө кирген эл аралык жана региондук аэропорттордун инфраструктурасын өнүктүрүүгө жогоруда көрсөтүлгөн каражаттарды пайдалануу.".
2. Бул тескеме 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет деп белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |