Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара- Шоро айылдык кеңешинин кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 30
“Кара-Шоро айылдык кеңешинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 14 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө”
Кара-Шоро айылдык Кеңеши Кара-Шоро айыл өкөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевдин Кара-Шоро айылдык кеңешинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 14 токтомуна келишимдин негизинде жумушка кабыл алынган кызматкерлердин бир айлык эмгек акысын өзгөртүп берүү сунушун угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Шоро айылдык кеңешинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги, № 14 токтомунун
1-пунктундагы “кызматкерлердин бир айлык эмгек акысы 23450 (жыйырма үч миң төрт жүз элүү) сом” деген сүйлөмдөгү сандар, “кызматкерлердин бир айлык эмгек акысы 25000 (жыйырма беш миң) сом” деген сандарга алмаштырылсын.
2. Өзгөртүлгөн эмгек акысы, 2024-жылдын июнь айынан тартып төлөп берүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджеттик жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| Турдали у К. |