Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 8-октябры № 871-т
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2017-жылдын 20-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басарына жогоруда аталган Протоколго принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
|
| Долбоор |
2017-жылдын 20-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ
Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы,
2017-жылдын 20-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимдин (мындан ары - Келишим) 12-беренесин жетекчиликке алып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Келишимге төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-берене.
Тараптардын ушул Келишимди ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
Кыргыз Тараптан - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;
Россия Тараптан - Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча федералдык кызмат.
Тараптардын ыйгарым укуктуу уюмдары болуп төмөнкүлөр саналат:
Кыргыз Тараптан - аскердик багыттагы продукция менен байланышкан ишти жүзөгө ашыруу укугуна атайын уруксаты (лицензиясы) бар, өзүнүн курамында аскерлери жана аскердик түзүлүштөрү, уюмдары бар мамлекеттик башкаруунун республикалык органдары;
Россия Тараптан - Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскерлеринин, аскердик түзүлүштөрүнүн, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтарынын кызыкчылыгында мамлекеттик коргонуу заказынын мамлекеттик заказчысынын функцияларын аткарууга ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин федералдык органдары жана аскердик багыттагы продукцияга карата иштин тиешелүү түрүнө укугу бар уюмдар.";
2) 3-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-берене.
Аскердик багыттагы продукцияны жеткирүү Тараптардын ыйгарым укуктуу уюмдары тарабынан түзүлүүчү контракттар боюнча, аскердик багыттагы продукцияны ташып келүүгө (ташып чыгууга) лицензияларды бербестен жүзөгө ашырылат.
Тараптардын ыйгарым укуктуу уюмдары Тараптардын мыйзамдарында аныкталган учурларда жана тартипте контракт түзүү ниети жөнүндө өз Тарабынын ыйгарым укуктуу органына кабарлайт.
Аталган контракттарда жеткирилүүчү аскердик багыттагы продукциянын номенклатурасы, саны жана баасы жана аны төлөөнүн тартиби аныкталат, ошондой эле ушул Келишимдин алкагында аскердик багыттагы продукцияны жеткирүүлөр (сатып алуулар) жөнүндө жобо бекитилет.
Контракттарды түзүү Тараптардын ыйгарым укуктуу уюмдары тарабынан ушул Келишимдин 4-беренесинде каралган жеткирилүүчү аскердик багыттагы продукциянын тизмелери бекитилгенден кийин контракттардын күчүнө кириши жөнүндө жоболор аларга киргизилген шартта жүзөгө ашырылат.
Запастык бөлүктөрдү, агрегаттарды, түйүндөрдү, приборлорду, комплекттөөчү буюмдарды, атайын, окуу жана көмөкчү мүлктөрдү, аскердик багыттагы продукцияга техникалык документтерди жеткирүүгө, аталган аскердик багыттагы продукцияны күбөлөндүрүү, эталондоо, колдонуу мөөнөтүн узартуу, техникалык тейлөө, оңдоо, утилдештирүү боюнча иштерди жана комплекстүү сервистик тейлөөнү камсыз кылуучу башка иштерди жүргүзүүгө контракттарды түзүү, мындай иштерди жүргүзүүгө чет өлкөлүк адистерди окутуу Тараптардын ыйгарым укуктуу уюмдары өз Тарабынын ыйгарым укуктуу органынын уруксатын алгандан кийин контракттардын күчүнө кириши жөнүндө жоболор аларга киргизилген шартта жүзөгө ашырылат.";
3) 4-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-берене.
Жеткирилүүчү аскердик багыттагы продукциянын тизмектери Тараптын аскердик багыттагы продукцияны сатып алууга кызыкдар болгон ыйгарым укуктуу органы тарабынан ошол Тараптын ыйгарым укуктуу уюмдарынын өтүнмөлөрүнүн жана түзүлгөн контракттардын негизинде түзүлөт жана экинчи Тараптын ыйгарым укуктуу органына берилет. Акыркысы аскердик багыттагы продукциянын алынган тизмегин суратылган жеткирүүлөрдү жүзөгө ашыруу мүмкүндүктөрүнө жараша карайт жана зарыл болгон учурда аны өз Тарабынын мамлекеттик башкаруунун (аткаруу бийлигинин) кызыкдар органдары менен макулдашат, аны бекитет жана бул тууралуу экинчи Тараптын ыйгарым укуктуу органына маалымдайт.
Жеткирилүүчү аскердик багыттагы продукциянын тизмектери Тараптардын аскердик багыттагы продукцияларды жеткирүүгө контракттарды түзгөн ыйгарым укуктуу уюмдарынын аталыштарын, ошондой эле жеткирилүүчү аскердик багыттагы продукциялардын номенклатурасын, көлөмдөрүн камтыйт.
Жеткирилүүчү аскердик багыттагы продукциянын бекитилген тизмектеринен көчүрмөлөр Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан, Тараптардын кызыкдар болгон ыйгарым укуктуу уюмдарына аларга тиешелүү бөлүктөрүндө жөнөтүлөт.
Запастык бөлүктөрдү, агрегаттарды, түйүндөрдү, приборлорду, комплекттөөчү буюмдарды, атайын, окуу жана көмөкчү мүлктөрдү, аскердик багыттагы продукцияга техникалык документтерди берүү, аскердик багыттагы көрсөтүлгөн продукцияны күбөлөндүрүү, эталондоо, колдонуу мөөнөтүн узартуу, техникалык тейлөө, оңдоо, утилдештирүү боюнча иштерди жана комплекстүү сервистик тейлөөнү камсыз кылуучу башка иштерди жүргүзүү, мындай иштерди жүргүзүүгө чет өлкөлүк адистерди окутуу Тараптардын ар биринин ыйгарым укуктуу органынын уруксаты болгон учурда жеткирилүүчү аскердик багыттагы продукциялардын тизмегин түзбөстөн жүзөгө ашырылат. Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары тиешелүү уруксаттарды берүү жөнүндө бири-бирине маалымдайт.
Жеткирилүүчү аскердик багыттагы продукциянын бекитилген тизмектери же Тараптардын ар биринин ыйгарым укуктуу органынын уруксаттары Тараптардын ыйгарым укуктуу уюмдары түзгөн контракттардын күчүнө кириши үчүн негиздер болуп саналат.";
4) 7-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-берене.
Аскердик багыттагы продукция Тараптардын ар биринин мыйзамдарына ылайык бир Тараптын аймагынан экинчи Тараптын аймагына жеткирилүүчү аскердик багыттагы продукциянын бекитилген тизмектеринен көчүрмөлөр же Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан Тараптардын ыйгарым укуктуу уюмдарына берилүүчү уруксаттар боюнча өткөрүлөт.";
5) төмөнкүдөй мазмундагы 12-bis берене менен толукталсын:
"12-bis берене.
Кыргыз Республикасында жана Россия Федерациясында ушул Келишимди ишке ашыруунун тартиби Тараптардын тиешелүү ченемдик укуктук актылары, анын ичинде аскердик багыттагы продукциянын тизмелерин түзүүнү жана ташып келүүнү (ташып чыгууну) контролдоо тартибин белгилөөчү ченемдик укуктук актылар менен аныкталат.".
2-берене.
Бул Протокол анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптар аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы кабарлоону алган күндөн тартып күчүнө кирет.
202__-жылдын "___" ____________ _____________ шаарында эки нускада, ар бири кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, мында эки текст тең бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасы үчүн |
| Россия Федерациясы үчүн |