Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 11-апрели № 34/6-9
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 17.02.2025-жылдагы №21/4-9 сандуу “2025-2027-жылдарга Талас шаарынын аймагында жайгашкан турак имараттар жана орун жайлардын ставкаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” 12.02.2025-жылдагы №37 мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына байланыштуу, турак имараттарына жана жайларга алардын дубалдарынын материалдарына жана эксплуатацияга берилген мөөнөттөрүнө карабастан бир ставканы бекитүү боюнча Талас шаарынын мэриясынын 27.02.2025-жылдагы №01-19/640 сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 17.02.2025-жылдагы №21/4-9 сандуу токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин жана 2025-2027-жылдарга Талас шаарынын аймагында жайгашкан турак имараттар жана орун жайлар үчүн ставка 17,0 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (Сариева.А.Ж.) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Суйунтбеков.А.О) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |